00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:06
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 29-июнда, 204 дарыгер Ош облусунун Ноокат районунда селден жабыркагандардын үйлөрүн кыдырып, керектүү медициналык жардам көрсөтүп жатканын маалымдады.Жерине Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын, Облустук балдар ооруканасынын жана Оштогу Психиатрия жана наркология борборунун адистери тартылган."Селден жабыркагандарга 30 дарыгер жана 174 орто медициналык кызматкер жардам көрсөтүүдө. Аймактык оорукана менен анын Көк-Жардагы филиалында 110 резервдик орун даярдалды. Кан жана дары-дармек жетиштүү. Жаратылыш кырсыгынан жабыркап ооруканага кайрылгандар жок", — деп билдирди министрлик.Ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү иш-чаралары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө экени белгиленди.Эске салсак, кечээ Ноокатта сел жүрүп, районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Тилекке каршы, жети адам сууга агып кеткен. Алардын бешөөнүн сөөгү табылып, эки киши изделип жатканы кабарланган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Кочкор районунда 5 миң батирлүү турак жайдын курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Министрлер кабинетинин башчысы МИК программасы боюнча республика боюнча көп кабаттуу турак жайларды куруу кызуу жүрүп жатканын белгиледи. « Биз Кыргызстандын ар бир жараны арзан баада турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн аракет кылабыз», — деди Жапаров.
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева Азия чемпионатында (U-23) алтын медаль утту. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, ал мелдешке 68 кг чейинки салмакта катышып, алгачкы айлампада монголиянын балбанына 7:5 эсебинде жеңилген. Экинчи айлампада казакстандык спортчуну 1:1 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште индиялык Приянка Приянканы 4:3 эсебинде жеңип өз салмагында Азия чемпиону болду. Ошондой эле чемпионатта килемге чыккан Кайыргүл Шаршебаева күмүш, Арууке Кадырбек кызы коло медаль тагынды. Белгилей кетсек, Азия биринчилиги Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат
Украина Куралдуу күчтөрүнүн дрону Курск облусундагы айылга чабуул жасап, натыйжада беш адам каза болду. Алардын экөө жаш бала экенин аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Алексей Смирнов билдиргенин Sputnik радиосу жазды. "Бүгүн түндө украиналык дрон Рыль районунун Городище айылына чабуул жасаган. Тилекке каршы, беш адам, анын ичинде эки жаш бала каза болду", — деп жазган Смирнов өзүнүн Telegram каналына.Анын айтымында, дагы эки адам оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө."Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп кошумчалаган Смирнов.
Жаңылыктар түрмөгү
0