https://sputnik.kg/20240716/kyrgyzstan-uyulduk-telefon-kattoo-1087070795.html
Телефон саткан ишкерлерге аппараттарды каттатуунун маани-маңызы түшүндүрүлдү
Телефон саткан ишкерлерге аппараттарды каттатуунун маани-маңызы түшүндүрүлдү
Sputnik Кыргызстан
Ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн түйшөлткөн суроолор боюнча жооп алганы айтылды. 16.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-16T16:10+0600
2024-07-16T16:10+0600
2024-07-16T16:10+0600
кыргызстан
укмк
телефон
каттоо
ишкерлер
https://sputnik.kg/img/07e8/07/10/1087070964_0:32:1280:752_1920x0_80_0_0_49f550e73466ef02b5bc517faa42c637.jpg
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бажы кызматы, "Инмобайлс" компаниясынын өкүлдөрү менен ишкерлер бир аянтчада жолукту. Бул тууралуу жолугушуунун уюштурган УКМКдан билдиришти.Ага "Береке", "Беш-Сары" жана "Айчүрөк" соода борборлорунда телефон саткан ишкерлер келген.Ошондой эле ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн өздөрүн түйшөлткөн суроолор боюнча жоопторду алышкан. Мындан тышкары, "Инмобайлс" компаниясы жана маморгандар пайда болгон талаштуу жагдайларды биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин кошумчалашты.Эске салсак, өкмөт 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизген. Бул жасалма телефондорду колдонуудан коргоп, уурулук, телефон алдамчылыгы, террорчулук сыяктуу терс көрүнөштөр менен күрөшүүгө жардам кылары айтылган.
https://sputnik.kg/20240629/mobildik-telefondordu-kattoo-onlajn-aldamchylykka-bogot-koyot-1086524927.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/10/1087070964_72:0:1208:852_1920x0_80_0_0_e318b20badf85017ccacd2c5a7f264b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, укмк, телефон, каттоо, ишкерлер
кыргызстан, укмк, телефон, каттоо, ишкерлер
Телефон саткан ишкерлерге аппараттарды каттатуунун маани-маңызы түшүндүрүлдү
Ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн түйшөлткөн суроолор боюнча жооп алганы айтылды.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бажы кызматы, "Инмобайлс" компаниясынын өкүлдөрү менен ишкерлер бир аянтчада жолукту. Бул тууралуу жолугушуунун уюштурган УКМКдан билдиришти.
Ага "Береке", "Беш-Сары" жана "Айчүрөк" соода борборлорунда телефон саткан ишкерлер келген.
"Ишкерлер телефонду милдеттүү каттатууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышканы айтылды. Мындан улам компетенттүү адистер тарабынан телефонду каттатуу аткезчилик, сапатсыз товарды сатуу сыяктуу тобокелдиктерди жок кылары түшүндүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишкерлер маморгандардын өкүлдүрүнөн өздөрүн түйшөлткөн суроолор боюнча жоопторду алышкан. Мындан тышкары, "Инмобайлс" компаниясы жана маморгандар пайда болгон талаштуу жагдайларды биргелешип чечүүгө даяр экендиктерин кошумчалашты.
Эске салсак, өкмөт 25-июнда уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизген. Бул жасалма телефондорду колдонуудан коргоп, уурулук, телефон алдамчылыгы, террорчулук сыяктуу терс көрүнөштөр менен күрөшүүгө жардам кылары
айтылган.