https://sputnik.kg/20240721/23-zhyl-murda-kyrgyzstan-shku-kirgen-1087212570.html
Кыргызстан 23 жыл мурда ШКУга кирген. Тарыхый видео
Кыргызстан 23 жыл мурда ШКУга кирген. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Учурда дүйнө калкынын 44 пайызы ШКУ мейкиндигинде жашайт. 21.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-21T17:05+0600
2024-07-21T17:05+0600
2024-07-22T09:38+0600
кыргызстан
шку
документ
уюм
https://sputnik.kg/img/07e8/07/15/1087212388_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_487228a47dd11ba10b9e862c727cd2c9.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) киргенине быйыл 23 жыл болду.2001-жылдын 15-июнунда өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Шанхайда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна кириши тууралуу тарыхый документке кол койгон. Бирикмеге Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан дагы кошулган.Бир нече жылдан кийин уюмга Индия, Пакистан жана Иран кирген. Эми Беларусь да мүчө болду.Учурда дүйнө калкынын 44 пайызы ШКУ мейкиндигинде жашайт. Дүйнөдөгү ИДПнын үчтөн бир бөлүгү уюмга мүчө өлкөлөргө туура келет.ШКУ төрт өзөктүк державаны бириктирип, дүйнөдө стабилдүүлүктү сактоонун маанилүү фактору болуп саналат. Уюмдун негизги багыттарынын бири — дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдөө.Бирикменин ишмердүүлүгүнүн аркасында ондогон терактылар менен жүздөгөн кылмыштарды алдын алуу мүмкүн болду, террордук уюмдардын миңдеген мүчөлөрү жок кылынып, камалды.ШКУ баңгизат аткезчилигине да каршы күрөшүүдө. Ондогон тонна героин жана башка көп сандагы тыюу салынган заттар алынган. Уюмга мүчө мамлекеттер биргеликте экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/15/1087212388_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_c8a075b661355f4d39e269e1a980384a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шку, документ, уюм, видео
кыргызстан, шку, документ, уюм, видео
Кыргызстан 23 жыл мурда ШКУга кирген. Тарыхый видео
17:05 21.07.2024 (Жаңыртылды: 09:38 22.07.2024) Учурда дүйнө калкынын 44 пайызы ШКУ мейкиндигинде жашайт.
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) киргенине быйыл 23 жыл болду.
2001-жылдын 15-июнунда өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Шанхайда Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна кириши тууралуу тарыхый документке кол койгон. Бирикмеге Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан дагы кошулган.
Бир нече жылдан кийин уюмга Индия, Пакистан жана Иран кирген. Эми Беларусь да мүчө болду.
Учурда дүйнө калкынын 44 пайызы ШКУ мейкиндигинде жашайт. Дүйнөдөгү ИДПнын үчтөн бир бөлүгү уюмга мүчө өлкөлөргө туура келет.
ШКУ төрт өзөктүк державаны бириктирип, дүйнөдө стабилдүүлүктү сактоонун маанилүү фактору болуп саналат. Уюмдун негизги багыттарынын бири — дүйнөдөгү коопсуздукту бекемдөө.
Бирикменин ишмердүүлүгүнүн аркасында ондогон терактылар менен жүздөгөн кылмыштарды алдын алуу мүмкүн болду, террордук уюмдардын миңдеген мүчөлөрү жок кылынып, камалды.
ШКУ баңгизат аткезчилигине да каршы күрөшүүдө. Ондогон тонна героин жана башка көп сандагы тыюу салынган заттар алынган. Уюмга мүчө мамлекеттер биргеликте экономикалык, билим берүү жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдө.