https://sputnik.kg/20240722/32-zholu-ehkzamenden-kulap-ajdoochuluk-kuboluk-ala-albaj-zhurgondor-bar-1087226847.html
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар
Sputnik Кыргызстан
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жунусов өлкөдөгү... 22.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-22T12:23+0600
2024-07-22T12:23+0600
2024-07-22T12:23+0600
радио
кыргызстан
айдоочулук күбөлүк
сынак
бактыбек жунусов
https://sputnik.kg/img/07e8/07/16/1087226934_0:166:3067:1891_1920x0_80_0_0_93471559839253d6bc81a129f9b13bb8.jpg
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар
Sputnik Кыргызстан
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшыра албагандар көбөйүп жатат. Арасында 32 жолу катары менен экзаменден кулагандар бар. Бул тууралуу Бактыбек Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрү сынакты кандай тапшырып жатканына жараша автомектептердин атайын рейтинги түзүлгөн.Ошондой эле ал рейтингдин негизинде "мыкты" деп табылгандарга Мактоо баракчалары берилгенин, начарларына текшерүү уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/16/1087226934_254:0:2983:2047_1920x0_80_0_0_8af252a6e5d2c8b16eec791e189bfbe3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, сынак, бактыбек жунусов, аудио
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, сынак, бактыбек жунусов, аудио
Адис: экзаменден 32 жолу кулап, айдоочулук күбөлүк ала албай жүргөндөр бар
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Жунусов өлкөдөгү автомектептердин көпчүлүгүнүн деңгээли төмөн болуп жатканын айтты.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакты тапшыра албагандар көбөйүп жатат. Арасында 32 жолу катары менен экзаменден кулагандар бар. Бул тууралуу Бактыбек Жунусов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бүтүрүүчүлөрү сынакты кандай тапшырып жатканына жараша автомектептердин атайын рейтинги түзүлгөн.
"Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактан кулагандар көп. Буга чейин экзаменди кайра-кайра, 28 жолу тапшырган киши тууралуу айтсам, ал 28-аракетинде тапшырып кеткен. Учурдагы рекорддук көрсөткүч башка адамга таандык, бир жаран сынакка 32 жолу кирип, акыркысында да кулап калды. Сынак тапшырган талапкерлердин жыйынтыгына жараша автомектептердин рейтинги түзүлөт. Бул аталган жайлардын деңгээлин көрсөтөт. Эгер кайсы бир автомектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 50 пайызынан көбү сынакты ийгиликтүү тапшырса, ал мыктылардын катарына кирет. Ал эми бүтүрүүчүлөрүнүн 30 пайызы гана ийгиликтүү тапшырса көрсөткүчү төмөндөрдүн катарын толуктайт. Өлкөдөгү автомектептердин деңгээли тууралуу кеп кылсак, жалпы жонунан "жакшы эмес" деп баа беребиз. Анткени рейтингде төмөнкү көрсөткүчтү "камсыздаган" автомектептер көп", — деди Жунусов.
Ошондой эле ал рейтингдин негизинде "мыкты" деп табылгандарга Мактоо баракчалары берилгенин, начарларына текшерүү уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.