https://sputnik.kg/20240724/pushkov-kharristen-ulam-akshda-bolunuu-bashtalgandygyn-aytty-1087281578.html
"Башталды". Пушков Харристен улам партиялаштардын арасында ажырым жаралганын айтты
"Башталды". Пушков Харристен улам партиялаштардын арасында ажырым жаралганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Сенатордун айтымында, Байден "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес. 24.07.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-07-24T10:14+0600
2024-07-24T10:14+0600
2024-07-24T11:13+0600
дүйнөдө
камала харрис
президенттик шайлоо
демократиялык партия
https://sputnik.kg/img/07e8/07/18/1087281343_86:331:2622:1758_1920x0_80_0_0_eb681c233a0b14aa0849579a33313953.jpg
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. АКШдагы Демократиялык партиянын мүчөлөрүнүн ичинде Камала Харристин президентикке талапкерлигинен улам пикир келишпөөчүлүк, ажырым башталды. Бул туурасында сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.Сенатордун айтымында, Байден дал ушул нерсени, "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес."Харристин талапкерлигин демократтардын көбү жактыра бербейт. Бул, албетте, ага (Дональд Трампка — ред.) өтө пайдалуу", — деген сенатор.Буга чейин Wall Street Journal газетасы америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып, эгерде Харрис мамлекеттин башына келсе азыркы администрациядагылардын бир тобу отставкага кетиши ыктымалдыгын жазган.Булардын ана башында президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Пентагондун башчысы Ллойд Остин турушу мүмкүндүгү айтылган.
https://sputnik.kg/20240723/aksh-kamala-kharris-shayloo-1087255465.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/07/18/1087281343_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_2bf94fbb21fbd66d0891cf01ba52df96.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, камала харрис, президенттик шайлоо, демократиялык партия
дүйнөдө, камала харрис, президенттик шайлоо, демократиялык партия
"Башталды". Пушков Харристен улам партиялаштардын арасында ажырым жаралганын айтты
10:14 24.07.2024 (Жаңыртылды: 11:13 24.07.2024) Сенатордун айтымында, Байден "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. АКШдагы Демократиялык партиянын мүчөлөрүнүн ичинде Камала Харристин президентикке талапкерлигинен улам пикир келишпөөчүлүк, ажырым башталды. Бул туурасында сенатор Алексей Пушков Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Башталды. Демократтардын ортосунда ажырым пайда болду. Эгерде Камала Харрис шайлоодо жеңип калса АКШдагы бир топ маанилүү адамдардын электен өтөрүн айтып жатышат. Кыязы, алар талапкерди олуттуу кабыл албай койгон "элиталардын администрациясындагылар" болсо керек, — деп белгилеген Пушков.
Сенатордун айтымында, Байден дал ушул нерсени, "бөлүнүп-жарылуунун үрөнү" болушун каалаган эмес.
"Харристин талапкерлигин демократтардын көбү жактыра бербейт. Бул, албетте, ага (Дональд Трампка — ред.) өтө пайдалуу", — деген сенатор.
Буга чейин Wall Street Journal газетасы америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып, эгерде Харрис мамлекеттин башына келсе азыркы администрациядагылардын бир тобу отставкага кетиши ыктымалдыгын жазган.
Булардын ана башында президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана Пентагондун башчысы Ллойд Остин турушу мүмкүндүгү айтылган.