https://sputnik.kg/20240812/kyrgyzstan-zhmk-internet-tsenzura-1087800604.html
Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү
Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү
Sputnik Кыргызстан
Аталган борбор республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленген. 12.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-12T17:58+0600
2024-08-12T17:58+0600
2024-08-12T17:58+0600
кыргызстан
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
жмк
интернет
цензура
изилдөө
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/09/1081123859_0:0:3068:1726_1920x0_80_0_0_2b27580c173a42829687f452ed0025f1.jpg
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (МЧИБ) түзүлдү.Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле МЧИБ республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди.Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт.Маданият министрлиги МЧИБдин жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек.Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.
https://sputnik.kg/20240809/kyrgyzstan-edil-baysalov-maalymat-1087736209.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/09/1081123859_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_2f6f23d027412ee48c34d3cbd73fa734.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, жмк, интернет, цензура, изилдөө
кыргызстан, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, жмк, интернет, цензура, изилдөө
Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү
Аталган борбор республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленген.
БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (МЧИБ) түзүлдү.
Өкмөттүн токтомунда мындай чечим жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында кабыл алынганы айтылган. Ошондой эле МЧИБ республиканын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана бекемдөө максатында түзүлгөнү белгиленди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу аталган борбор ЖМК жана интернетти мониторингдейт.
Маданият министрлиги МЧИБдин жайгашуусу үчүн кеңсе бөлүп берип, техникалык жана коммуникациялык тейлөөсүн камсыздашы керек.
Буга чейин бийлик социалдык тармактарды көзөмөлдөө борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.