https://sputnik.kg/20240812/kyrgyzstanda-agronom-selekcionerler-zhetishpejt-1087783983.html
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт
Sputnik Кыргызстан
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун мөмө-жемиш өсүмдүктөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Нурлан Албанов сортторду... 12.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-12T11:01+0600
2024-08-12T11:01+0600
2024-08-12T11:01+0600
радио
кыргызстан
селекция
ботаникалык бак
илим
агроном
нурлан албанов
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0c/1087784393_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_5479e93803c399fc962f64af8052adac.jpg
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт. Буга айлыктын аздыгы, лабораториялык шарттын түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик долбоорлордун жоктугу себеп экенин Нурлан Албанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун чыгарууга аракет кылышы керек.Ошондой эле ал Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту Борбордук Азияда селекция багытында чоң ийгиликке жете аларын кошумчалады.
ботаникалык бак
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0c/1087784393_241:0:2970:2047_1920x0_80_0_0_786621b52fcc98f68808659f4e0f06aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, селекция, ботаникалык бак, илим, агроном, нурлан албанов, аудио
кыргызстан, селекция, ботаникалык бак, илим, агроном, нурлан албанов, аудио
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак илим-изилдөө институтунун мөмө-жемиш өсүмдүктөрү лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Нурлан Албанов сортторду селекциялоонун жаңы багыттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт. Буга айлыктын аздыгы, лабораториялык шарттын түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик долбоорлордун жоктугу себеп экенин Нурлан Албанов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан экспортко багытталган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун чыгарууга аракет кылышы керек.
"Советтик мезгилде Кыргызстанда өсүмдүк селекциясына жакшы көңүл бурулуп, бир топ илимий эмгектер жасалган. Тилекке каршы, бул багытта алгылыктуу кадамдар болбой келет. Бүгүнкү күндө мөмө-жемиш сортторун селекциялоонун жаңы багыттарына өзгөчө көңүл буруу керек. Өзүбүздү агрардык өлкө деп жүргөнүбүз менен айыл чарбасында жаңы технологияларды колдонбой, илимий изилдөгө басым жасабай жатабыз. Мисалы, учурда Кыргызстанда агроном-селекционерлер жетишпейт. Буга айлыктын аздыгы, лабораториялык шарттын түзүлбөгөндүгү, мамлекеттик долбоорлордун жоктугу себеп болуп жатат. Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун чыгарсак азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, экспорттук потенциалыбызды жакшыртууга, экономикалык абалыбызды да өнүктүүгө өбөлгө болмок. Мындай иш айыл чарбанын бардык багыттарында болушу керек", — деди Албанов.
Ошондой эле ал Ботаникалык бак илимий-изилдөө институту Борбордук Азияда селекция багытында чоң ийгиликке жете аларын кошумчалады.