https://sputnik.kg/20240823/kyrgyzstan-eaeb-toskoolduk-zhol-berboo-1088114087.html
ЕЭК министри соодадагы тоскоолдуктарга жол бербөө зарылдыгын эскертти
ЕЭК министри соодадагы тоскоолдуктарга жол бербөө зарылдыгын эскертти
Sputnik Кыргызстан
Жыйында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду. 23.08.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-08-23T17:03+0600
2024-08-23T17:03+0600
2024-08-23T17:03+0600
кыргызстан
еаэб
экономика
казакстан
чек ара
арзыбек кожошев
https://sputnik.kg/img/07e8/08/17/1088112468_0:225:1280:945_1920x0_80_0_0_fae7f1d7906c0762dcbd80ea8a8fc9c8.jpg
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга бөгөт коюлбашы керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.Ал Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан Алматыдагы жолугушууда сүйлөдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыздоого байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр талкууланды.Министр биримдиктин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдуктарды жаратууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.Анын айтымында, ЕЭК Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатат. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.
https://sputnik.kg/20240820/yeaeb-briks-dialog-onukturot-1088019236.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/17/1088112468_0:138:1051:926_1920x0_80_0_0_3fbe3b7db561f458ecf347a248890f7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, экономика, казакстан, чек ара, арзыбек кожошев
кыргызстан, еаэб, экономика, казакстан, чек ара, арзыбек кожошев
ЕЭК министри соодадагы тоскоолдуктарга жол бербөө зарылдыгын эскертти
Жыйында кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга бөгөт коюлбашы керек. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Ал Казакстан менен Кыргызстандын ишкерлери жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышкан Алматыдагы жолугушууда сүйлөдү. Анда Евразия экономикалык биримдигинде товарлардын эркин кыймылын камсыздоого байланыштуу маселелер менен көйгөйлөр талкууланды.
Министр биримдиктин ички чек арасы аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга тоскоолдуктарды жаратууга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.
"Бизнес биздин Биримдиктин экономикалык интеграциясын мындан ары өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды түзүүгө болгон ниетибиз чоң экенин көрүшү керек", — деди Кожошев.
Анын айтымында, ЕЭК Россиядан Кыргызстанга Казакстан аркылуу жүктөрдү ташууда темир жол тарифинин жогорулашы боюнча Кыргызстандын кайрылуусун карап жатат. Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын маал-маалы менен топтолуп жатканы тууралуу да кеп козголду.