https://sputnik.kg/20240901/kochmondor-oyundaryna-dayardanuuga-50-mln-som-zhumshaldy-1088327398.html
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды
Sputnik Кыргызстан
Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыштар, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян... 01.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-01T17:03+0600
2024-09-01T17:03+0600
2024-09-02T11:25+0600
радио
кыргызстан
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
астана
улуттук спорт
артур геворгян
https://sputnik.kg/img/07e8/09/01/1088327529_0:105:3067:1830_1920x0_80_0_0_61ba91a73ee65484be9460b64d93a20e.jpg
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды
Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды
Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга бюджеттен 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Артур Геворгян Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, бөлүнгөн акчанын 8 миллион сому курама команданын спорттук кийимине жумшалса, спортчулардын окуу-машыгууларына 16 миллион кетти.Ал Астанадагы Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду алуу үчүн бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.
астана
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/01/1088327529_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_a99aa2eeb72098e9d849fc8d6954d928.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, астана, улуттук спорт, артур геворгян, аудио
кыргызстан, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, астана, улуттук спорт, артур геворгян, аудио
Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды
17:03 01.09.2024 (Жаңыртылды: 11:25 02.09.2024) Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыштар, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян Кыргызстан Астанада өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына абдан жакшы даярданганын айтты.
Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга бюджеттен 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Артур Геворгян
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бөлүнгөн акчанын 8 миллион сому курама команданын спорттук кийимине жумшалса, спортчулардын окуу-машыгууларына 16 миллион кетти.
"Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 20 спорттун түрүнөн спортчулар катышат. Жалпы делегациянын курамы 288 кишиден турса, анын 180дейи спортчулар. Калгандары: медициналык персонал, машыктыруучулар, калыстар, расмий өкүлдөр. Алдыда өтө турган ири иш-чарага өлкө спортчулары жогорку даярдыкта барышат. Жыл башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга бюджеттен 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Акчанын 8 миллион сому курама команданын спорттук кийимине жумшалса, спортчулардын окуу-машыгууларына 16 миллион сом кетти. Мындан тышкары, көк бөрү, көкпарга жана жаныбар, канаттууларды жеткирүүгө 9 миллион сом каралган", — деди Геворгян.
Ал Астанадагы Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду алуу үчүн бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.