https://sputnik.kg/20240914/kyrgyzstan-kamchybek-tashiyev-ukmk-altyn-1088695782.html
"Алтынды мурда учакка жүктөп кетишчү". Ташиев тоо-кен тармагындагы мафия жөнүндө
"Алтынды мурда учакка жүктөп кетишчү". Ташиев тоо-кен тармагындагы мафия жөнүндө
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы кен байлыктарды иштетүү жаатында иштер толук көзөмөлгө алынып жатканын белгиледи. 14.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-14T13:24+0600
2024-09-14T13:24+0600
2024-09-14T13:32+0600
кыргызстан
камчыбек ташиев
алтын
лицензия
мафия
мыйзамсыз
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/12/1081353569_0:242:3211:2048_1920x0_80_0_0_eb354c0c1ce5faf52247ec7be089dca0.jpg
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кен байлык иштетүүгө берилген 23 лицензия артка кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.Ал кечээ, 13-сентябрда, Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берген. Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты менен жыйын өткөрүп, коррупцияга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи.УКМКнын төрагасы бул өзүнчө мафияга айланып кеткендигине токтолду."Кен байлыктардын лицензиясын бири-бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткен. Этегинде бир чет элдикке сатылып, мамлекетке бир сом түшпөй келген. Карасаң бир тоону бир чет элдик, дагы башкасын экинчиси... Карасаң лицензиясы бар, анын мамлекетке пайдасы жок. Ушунун баары эми көзөмөлдө. Мындан тышкары, мамлекетте чыгарылып жаткан алтындын бир килограммы уруксатсыз эч жакка чыкпайт. Мурда "Манас" аба майданына учак келип, ай сайын жүктөп кетчү. Азыр андай жок, ошондуктан бюджет көтөрүлүүдө", — деди Ташиев.Ошондой эле ал коррупция менен күрөш күч алганын, бирок али жыйынтыктала электигин кошумчалады.
https://sputnik.kg/20240911/kyrgyzstan-ukmk-bazhy-ekonomika-1088623149.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0c/12/1081353569_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_570b645d83954147b429b2b18203810b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, камчыбек ташиев, алтын, лицензия, мафия, мыйзамсыз
кыргызстан, камчыбек ташиев, алтын, лицензия, мафия, мыйзамсыз
"Алтынды мурда учакка жүктөп кетишчү". Ташиев тоо-кен тармагындагы мафия жөнүндө
13:24 14.09.2024 (Жаңыртылды: 13:32 14.09.2024) УКМК төрагасы кен байлыктарды иштетүү жаатында иштер толук көзөмөлгө алынып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кен байлык иштетүүгө берилген 23 лицензия артка кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал кечээ, 13-сентябрда, Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берген. Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты менен жыйын өткөрүп, коррупцияга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн белгиледи.
"Мамлекеттин тегерегиндеги кен байлыктар мыйзамсыз сатылса баары башы менен жооп берет. Алтынга берилген 23 лицензияны кайтардык", — деди ал.
УКМКнын төрагасы бул өзүнчө мафияга айланып кеткендигине токтолду.
"Кен байлыктардын лицензиясын бири-бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткен. Этегинде бир чет элдикке сатылып, мамлекетке бир сом түшпөй келген. Карасаң бир тоону бир чет элдик, дагы башкасын экинчиси... Карасаң лицензиясы бар, анын мамлекетке пайдасы жок. Ушунун баары эми көзөмөлдө. Мындан тышкары, мамлекетте чыгарылып жаткан алтындын бир килограммы уруксатсыз эч жакка чыкпайт. Мурда "Манас" аба майданына учак келип, ай сайын жүктөп кетчү. Азыр андай жок, ошондуктан бюджет көтөрүлүүдө", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал коррупция менен
күрөш күч алганын, бирок али жыйынтыктала электигин кошумчалады.