https://sputnik.kg/20240917/madaniyat-usta-konkurs-1088752212.html
Улуттук музыкалык аспап жасаган усталар арасында сынак жарыяланды. Шарты
Улуттук музыкалык аспап жасаган усталар арасында сынак жарыяланды. Шарты
Sputnik Кыргызстан
Сынакка катышууну каалаган усталар документтерин 3-октябрга чейин жөнөтүшү керек. 17.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-17T08:34+0600
2024-09-17T08:34+0600
2024-09-17T08:34+0600
кыргызстан
маданият министрлиги
конкурс
уста
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/18/1050544670_0:202:3067:1927_1920x0_80_0_0_c029c6524fb32d22825ba74a4515fc39.jpg
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыялады.Конкурс комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтмөкчү.Талап боюнча, усталар жасап бүткөн, колдонууга даяр аспаптарын көрсөтүүсү зарыл. Ал эми Карамолдо менен Алымкулдун комузунун аутенттүүлүгүн (үнү оригиналдын өзүндөй болушун) тапкан ("Насыйкат", "Ибарат", "Чоң кербез") аспаптын үнүнө, жасалгасына жаңылык киргизген усталарга артыкчылык берилет.Конкурска катышууну каалагандар документтерин үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына чейин umdkomuz@mail.ru электрондук почтасына жөнөтсө болот. Сурап-билүү номери: 0701336826, 0555336826.Баса, Sputnik Кыргызстан буга чейин улуттук музыкалык аспаптар боюнча кызыктуу инфографика даярдаган.
https://sputnik.kg/20240706/ministr-muzykanttardy-dayardash-kerektigin-ajtty-1086762407.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/18/1050544670_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_d5f47376bb840a77b473441bccae001f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, маданият министрлиги, конкурс, уста
кыргызстан, маданият министрлиги, конкурс, уста
Улуттук музыкалык аспап жасаган усталар арасында сынак жарыяланды. Шарты
Сынакка катышууну каалаган усталар документтерин 3-октябрга чейин жөнөтүшү керек.
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Музыка ишмерлер союзу менен биргеликте улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталар арасында сынак жарыялады.
Конкурс комуз, кыл кыяк, темир ооз комуз жасаган усталардын арасында өтмөкчү.
"Сынак кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, улуттук музыкалык аспаптарды жасаган усталарды колдоо, аспаптардын сапатын жогорулатуу максатында уюштурулду", — деп билдирди министрлик.
Талап боюнча, усталар жасап бүткөн, колдонууга даяр аспаптарын көрсөтүүсү зарыл. Ал эми Карамолдо менен Алымкулдун комузунун аутенттүүлүгүн (үнү оригиналдын өзүндөй болушун) тапкан ("Насыйкат", "Ибарат", "Чоң кербез") аспаптын үнүнө, жасалгасына жаңылык киргизген усталарга артыкчылык берилет.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин үстүбүздөгү жылдын 3-октябрына чейин umdkomuz@mail.ru электрондук почтасына жөнөтсө болот. Сурап-билүү номери: 0701336826, 0555336826.
Баса, Sputnik Кыргызстан буга чейин улуттук музыкалык аспаптар боюнча
кызыктуу инфографика даярдаган.