https://sputnik.kg/20241007/1089286741.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК комитети колдодуКазакстанда АЭС курууга элдин 71,12%ы добуш бердиСалык жашыргандарга баканооздук... 07.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-07T15:00+0600
2024-10-07T15:00+0600
2024-10-07T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/07/1089286609_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6e437e2a9f267bef52e5ef3fc9f46a6a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК комитети колдодуКазакстанда АЭС курууга элдин 71,12%ы добуш бердиСалык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды алдыда кененирээкСалык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке келип түшкөн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги былтыр жарандардын арызы боюнча 52 миң 674 салык төлөөчүгө, негизинен ККМ колдонбогондорго айып салынганын билдирген. Ошол эле учурда көпчүлүк салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер экени айтылган. Мындан улам демилгечилер салыктан качып жашыргандар тууралуу маалымат бергендерге салынган айыптын эсебинен сыйлоону сунуштоодо. Жобонун тартиби, негиздери, өлчөмү жана кайтаруу мөөнөтү министрлер кабинети тарабынан аныкталары кошумчаланган.
Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзамды колдоп берди. Мындай чара дарыгерлердин башка жумушка алаксыбай клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар болбошу үчүн кабыл алынууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда оорукана жетекчилеринин айлыгы орто эсеп менен 20-25 миң сом экенин билдирди. Депутат Элдар Абакировдун айтымында, бул — чоң көйгөй. "Мыйзам туура эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу деген жаман нерсе. Алар деле мүмкүн бейтаптарды байкап туруп өзүнүн клиникасына буруп кетет. Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгын жакшыраак кылып көтөрүп туруп ушул мыйзамды киргизсек, ошондо жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо азыр кесипкөй адистин баары кетип калат же чоң коррупция болот", — деди эл өкүлү. Кыргызстанда ушу тапта жалпысынын 193 мамлекеттик оорукана бар.
Учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берген 5000ге жакын мекеме иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, анда 118 миңге жакын педагог 2 миллиондон ашык тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди даярдайт. "Мектеп мугалимдеринин саны 94 миңге чукул. Алардын 86 пайызын аялдар түзөт", — деп айтылат маалыматта. Комитет 2023-2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин дээрлик 87 пайызынын жогорку билими бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалады.
Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, референдумга катышууга укуктуу жарандардын жалпы саны 12 миллион 284 миң 487 адамды түздү. Анын ичинен референдумга катышууга жарандардын 63,66 пайызы келген. Атомдук станциянын курулушун колдоп 71,12 пайызы добуш берген. Ал эми калган 28,88 пайыз казакстандык каршы чыккан. Эске салсак, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өттү.
Гонконгдун аэропортунда Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 миллион долларлык баңгизат табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Маалыматка ылайык, баңгизат керамика буюмдары жүктөлгөн жыгач такталардын арасынан табылган. Гонконг полициясы Кыргызстандан керамика буюмдары экспорттолбогондуктан жүк шек жаратканын айтып, текшерүүдөн кийин 88 килограмм метамфетамин чыкканын белгилеген. Жүктү алып кетүүгө келген 54 жаштагы адам кармалганы кошумчаланды.
Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК комитети колдодуКазакстанда АЭС курууга элдин 71,12%ы добуш бердиСалык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды алдыда кененирээкСалык жашыргандарга баканооздук кылгандарды сыйлоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңешке келип түшкөн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунда айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги былтыр жарандардын арызы боюнча 52 миң 674 салык төлөөчүгө, негизинен ККМ колдонбогондорго айып салынганын билдирген. Ошол эле учурда көпчүлүк салык мыйзамдарынын бузулушуна кайдыгер экени айтылган. Мындан улам демилгечилер салыктан качып жашыргандар тууралуу маалымат бергендерге салынган айыптын эсебинен сыйлоону сунуштоодо. Жобонун тартиби, негиздери, өлчөмү жана кайтаруу мөөнөтү министрлер кабинети тарабынан аныкталары кошумчаланган.Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзамды колдоп берди. Мындай чара дарыгерлердин башка жумушка алаксыбай клиникаларда иштөөдөн пайда табууга кызыкдар болбошу үчүн кабыл алынууда. Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда оорукана жетекчилеринин айлыгы орто эсеп менен 20-25 миң сом экенин билдирди. Депутат Элдар Абакировдун айтымында, бул — чоң көйгөй. "Мыйзам туура эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу деген жаман нерсе. Алар деле мүмкүн бейтаптарды байкап туруп өзүнүн клиникасына буруп кетет. Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгын жакшыраак кылып көтөрүп туруп ушул мыйзамды киргизсек, ошондо жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо азыр кесипкөй адистин баары кетип калат же чоң коррупция болот", — деди эл өкүлү. Кыргызстанда ушу тапта жалпысынын 193 мамлекеттик оорукана бар.Учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берген 5000ге жакын мекеме иштейт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, анда 118 миңге жакын педагог 2 миллиондон ашык тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди даярдайт. "Мектеп мугалимдеринин саны 94 миңге чукул. Алардын 86 пайызын аялдар түзөт", — деп айтылат маалыматта. Комитет 2023-2024-окуу жылынын башына карата мугалимдердин дээрлик 87 пайызынын жогорку билими бар экендиги белгилүү болгонун кошумчалады.Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, референдумга катышууга укуктуу жарандардын жалпы саны 12 миллион 284 миң 487 адамды түздү. Анын ичинен референдумга катышууга жарандардын 63,66 пайызы келген. Атомдук станциянын курулушун колдоп 71,12 пайызы добуш берген. Ал эми калган 28,88 пайыз казакстандык каршы чыккан. Эске салсак, 6-октябрда Казакстанда атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум өттү. Гонконгдун аэропортунда Кыргызстандан барган жүктөн 11,3 миллион долларлык баңгизат табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Маалыматка ылайык, баңгизат керамика буюмдары жүктөлгөн жыгач такталардын арасынан табылган. Гонконг полициясы Кыргызстандан керамика буюмдары экспорттолбогондуктан жүк шек жаратканын айтып, текшерүүдөн кийин 88 килограмм метамфетамин чыкканын белгилеген. Жүктү алып кетүүгө келген 54 жаштагы адам кармалганы кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/07/1089286609_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_34c01c041becc9a8a05674811745caa1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио