https://sputnik.kg/20241024/1089718897.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция... 24.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-24T15:00+0600
2024-10-24T15:00+0600
2024-10-24T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089718765_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_db49e9248120f76df441d37911b4c502.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал. Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге да токтолгон.
Кыргызстан Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган. Министрлик 23-октябрда Анкара шаарында болгон террордук актыга байланыштуу билдирүү тараткан. "Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык TUSAŞ компаниясында болгон терактыны кескин айыптайт. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө Түркияны колдой турганы кошумчаланган.
Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, ал азыркы Батыш автобекетинен айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетке чейин каттайт. Жол кире карта менен 17 сом.Эске салсак, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети жана "Ак жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, аны көчүрүү иштери жүрүп жатат.
БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы кырдаалдын курчушуна түйшөлгөнүн билдирип, ЦАХАЛдын баскынчылык чабуулдарын айыптап, Израилди агрессияны токтотууга чакырды. Бул туурасында БРИКС мамлекеттеринин Казань декларациясында айтылган. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкесинде ар тараптуу жана ок атышпоонун туруктуу режимин киргизүү зарыл экенин баса белгилешти. Ошондой эле барымтага алынгандардын бардыгын жана эки тараптан мыйзамсыз туткундалып жаткан адамдарды алдын ала шарт койбостон дароо бошотууну талап кылышты. Газа тилкесине гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, туруктуу жана кеңири масштабда жеткирилиши керектигин белгилешип, бардык агрессивдүү аракеттерди токтотууга чакырышты. Алар эл аралык нормаларды кармануу зарылдыгын айтышып, Газа тилкесиндеги чатактын ырбашынын, улам чыңалып бараткан кырдаалдын, экстремизмдин кесепети аймакка, дүйнөгө тиерин белгилешти.
2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган. "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал. Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге да токтолгон.Кыргызстан Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт. Бул тууралуу ТИМдин маалыматында айтылган. Министрлик 23-октябрда Анкара шаарында болгон террордук актыга байланыштуу билдирүү тараткан. "Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык TUSAŞ компаниясында болгон терактыны кескин айыптайт. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө Түркияны колдой турганы кошумчаланган. Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, ал азыркы Батыш автобекетинен айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетке чейин каттайт. Жол кире карта менен 17 сом.Эске салсак, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети жана "Ак жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, аны көчүрүү иштери жүрүп жатат.БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы кырдаалдын курчушуна түйшөлгөнүн билдирип, ЦАХАЛдын баскынчылык чабуулдарын айыптап, Израилди агрессияны токтотууга чакырды. Бул туурасында БРИКС мамлекеттеринин Казань декларациясында айтылган. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкесинде ар тараптуу жана ок атышпоонун туруктуу режимин киргизүү зарыл экенин баса белгилешти. Ошондой эле барымтага алынгандардын бардыгын жана эки тараптан мыйзамсыз туткундалып жаткан адамдарды алдын ала шарт койбостон дароо бошотууну талап кылышты. Газа тилкесине гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, туруктуу жана кеңири масштабда жеткирилиши керектигин белгилешип, бардык агрессивдүү аракеттерди токтотууга чакырышты. Алар эл аралык нормаларды кармануу зарылдыгын айтышып, Газа тилкесиндеги чатактын ырбашынын, улам чыңалып бараткан кырдаалдын, экстремизмдин кесепети аймакка, дүйнөгө тиерин белгилешти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089718765_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5f3c0cea9284ef24fa626a54679925b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио