https://sputnik.kg/20241024/ukrainadagy-chatak-suyloshuu-menen-butorun-aytyshuuda-1089709947.html
Остин: Украинадагы чатак сүйлөшүү менен аяктайт
Остин: Украинадагы чатак сүйлөшүү менен аяктайт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Рим папасы Франциск менен жолуккандан кийин украин чатагы кепке келүү менен аяктай турганын айтты. 24.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-24T11:59+0600
2024-10-24T11:59+0600
2024-10-24T11:59+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
акш
пентагон
атайын операция
рим папасы франциск
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089709780_0:0:3184:1791_1920x0_80_0_0_85464e20348d68b809884f1068de9dfe.jpg
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Рим папасы Франциск менен жолуккандан кийин украин чатагы кепке келүү менен аяктай турганын айтты. Остин католик чиркөөсүнүн башчысы аймактардагы гуманитардык көйгөйлөргө түйшөлүп турганын белгилеп, согуш отун өчүрүүгө умтулууну колдой турганын билдирген.Июнда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу демилгеси менен чыккан. Украина Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе Москва кармашты дароо токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болорун айткан. Россия лидери, мындан сырткары, Киев НАТОго кирүүдөн баш тартканын жар салып, демилитаризация, денацификация жүргүзүлүшү керектигин белгилеген. Муну менен бирге аталган өлкө блокторго кошулбай, ортодогу позицияны кармап жана өзөктүк куралы жок мамлекет макамын алышын айткан болчу.Путин ошондой эле антироссиялык санкциялардын алынышы керектигин эске салган.
https://sputnik.kg/20240528/rossiya-menen-ukrainanyn-kepke-keluusuno-aksh-eb-toskool-boldu-1085543080.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/18/1089709780_298:0:3029:2048_1920x0_80_0_0_2e8cd49904b90b623f8fa42a1f84acb3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, пентагон, атайын операция, рим папасы франциск
дүйнөдө, россия, украина, акш, пентагон, атайын операция, рим папасы франциск
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Пентагондун башчысы Ллойд Остин Рим папасы Франциск менен жолуккандан кийин украин чатагы кепке келүү менен аяктай
турганын айтты.
"Биз Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтып жана Украинадагы өткөөл мезгилге жеткенге жол табышыбыз керек. Мурда айтылгандай, Украинаны колдоону улантабыз, качан сүйлөшүү столуна отурарын алар өздөрү аныктайт. Мен мурдараак белгилегендей эле бул чатак кайсы бир маалда сүйлөшүүлөр менен аяктайт", — деген Римде журналисттер менен болгон суроо-жооп учурунда.
Остин католик чиркөөсүнүн башчысы аймактардагы гуманитардык көйгөйлөргө түйшөлүп турганын белгилеп, согуш отун өчүрүүгө умтулууну колдой турганын билдирген.
Июнда РФ президенти Владимир Путин Украинадагы чатакты жөнгө салуу демилгеси менен чыккан. Украина Россиянын жаңы аймактарынан аскерлерин алып чыгып кетсе Москва кармашты дароо токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болорун айткан. Россия лидери, мындан сырткары, Киев НАТОго кирүүдөн баш тартканын жар салып, демилитаризация, денацификация жүргүзүлүшү керектигин белгилеген. Муну менен бирге аталган өлкө блокторго кошулбай, ортодогу позицияны кармап жана өзөктүк куралы жок мамлекет макамын алышын айткан болчу.
Путин ошондой эле антироссиялык санкциялардын алынышы керектигин эске салган.