https://sputnik.kg/20241122/oreshnik-raketasynyn-mizin-kajtaruu-oto-oor-1090350316.html
АКШда Россиянын "Орешник" ракетасынын мизин кайтаруу өтө оор экени айтылды
АКШда Россиянын "Орешник" ракетасынын мизин кайтаруу өтө оор экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, орто аралыкка атылуучу "Орешник" жаңы ракетасы... 22.11.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-11-22T16:02+0600
2024-11-22T16:02+0600
2024-11-22T16:02+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
украина
атайын операция
сыноо
изилдөө
орешник ракетасы
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/16/1090350466_0:18:1281:738_1920x0_80_0_0_ea34583b380e837cb40262a14af41e48.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын жаңы сыноодон өткөн "Орешник" ракетасын атып түшүрүү өтө оор болот. Бул тууралуу АКШнын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (CSIS) ракетага каршы коргонуу долбоорунун директору Том Карако айтканын РИА Новости жазды.Караконун айтымында, ракетанын алды жагы индивидуалдуу багыттоо жана бутаны жок кылуучу жогорку ылдамдыктагы бөлүгү болуп эки блоктон турат, мындай техниканы жок кылуу — "баш оорута турган чоң көйгөй".Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, орто аралыкка атылуучу "Орешник" жаңы ракетасы ийгиликтүү сыналганын билдирген. Өлкө башчы бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык жана британиялык алыска атылуучу куралдарды колдонуусуна жооп экенин белгиледи. Президенттин айтымында, россиялык аскерлер Украинанын коргонуу өнөр жайы комплексинин бир объектисине сокку уруп, натыйжада Днепропетровскиде ракеталык техника өндүргөн комплекс кыйраган.
https://sputnik.kg/20241122/moskva-putin-ukraina-1090332346.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/16/1090350466_144:0:1128:738_1920x0_80_0_0_8a0ed0adc8e69ac3f1df1ea331d88a28.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, сыноо, изилдөө, орешник ракетасы
дүйнөдө, россия, акш, украина, атайын операция, сыноо, изилдөө, орешник ракетасы
АКШда Россиянын "Орешник" ракетасынын мизин кайтаруу өтө оор экени айтылды
Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, орто аралыкка атылуучу "Орешник" жаңы ракетасы ийгиликтүү сыналганын билдирген.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Россиянын жаңы сыноодон өткөн "Орешник" ракетасын атып түшүрүү өтө оор болот. Бул тууралуу АКШнын стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (CSIS) ракетага каршы коргонуу долбоорунун директору Том Карако айтканын
РИА Новости жазды.
"Андан коргонуу өтө татаал", — деп эскерткен эксперт.
Караконун айтымында, ракетанын алды жагы индивидуалдуу багыттоо жана бутаны жок кылуучу жогорку ылдамдыктагы бөлүгү болуп эки блоктон турат, мындай техниканы жок кылуу — "баш оорута турган чоң көйгөй".
Бейшемби күнү Россия президенти Владимир Путин атайын аскердик операциянын жүрүшү боюнча билдирүү жасап, орто аралыкка атылуучу "Орешник" жаңы ракетасы
ийгиликтүү сыналганын билдирген. Өлкө башчы бул Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык жана британиялык алыска атылуучу куралдарды колдонуусуна жооп экенин белгиледи. Президенттин айтымында, россиялык аскерлер Украинанын коргонуу өнөр жайы комплексинин бир объектисине сокку уруп, натыйжада Днепропетровскиде ракеталык техника өндүргөн комплекс кыйраган.