Күн катуу сууйт! Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсү
14:12 05.12.2024 (Жаңыртылды: 14:55 05.12.2024)
© Sputnik / Табылды КадырбековКар жааган учурда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кол чатыр кармаган кыз басып баратат. Архив
Жазылуу
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. 8-9-декабрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.
Абанын күтүлгөн температурасы:
Чүй, Талас өрөөндөрүндө –10...–15, күндүз –4...–9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн –6...–11, күндүз –1...–6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн –12...–17, күндүз –2...–7;
Нарын облусунда түнкүсүн –18...–23, күндүз –6...–11;
Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн –30...–35, күндүз –14...–19.