https://sputnik.kg/20241213/kyrgyzstan-ekonomika-energetika-ges-1090806788.html
ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду
ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T17:01+0600
2024-12-13T17:01+0600
2024-12-13T17:02+0600
кыргызстан
экономика
энергетика
гэс
курулуш
еаөб
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0a/1053504629_0:225:2870:1839_1920x0_80_0_0_809b2dda7c0dc751c5c237ae1f418c03.jpg
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 12-декабрда Москвада Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) "Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.Көкөмерен дарыясында ГЭСтердин каскадын куруу 2035-жылга чейинки Улуттук энергетика программасына киргизилген жана анын жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватт (Токтогул ГЭСинин кубатуулугу — 1260 мегаватт) деп бааланууда.Бул долбоор ЕАӨБ тарабынан Борбордук Азиянын суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык программага киргизилгени кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20241213/toktogul-suu-saktagychy-elektr-1090796264.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/08/0a/1053504629_141:0:2870:2047_1920x0_80_0_0_ec5dc21c37c162464ea0f2365637026a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, энергетика, гэс, курулуш, еаөб
кыргызстан, экономика, энергетика, гэс, курулуш, еаөб
ЕАӨБ Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду
17:01 13.12.2024 (Жаңыртылды: 17:02 13.12.2024) БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Москвада Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) "Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.
Көкөмерен дарыясында ГЭСтердин каскадын куруу 2035-жылга чейинки Улуттук энергетика программасына киргизилген жана анын жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватт (Токтогул ГЭСинин кубатуулугу — 1260 мегаватт) деп бааланууда.
"ЕАӨБ долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги каржылык өнөктөш болуп, меморандумга ылайык техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгат. Ошондой эле каржылык-экономикалык моделди баалап, социалдык жана экологиялык кесепеттерди талдоону, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик колдоо чараларын иштеп чыгууну караштырат", — деп жазылган маалыматта.
Бул долбоор ЕАӨБ тарабынан Борбордук Азиянын суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык программага киргизилгени кошумчаланды.