https://sputnik.kg/20241223/1091013831.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында миллиард сомдук мурдагы завод жана жер тилке мамлекетке кайтарылдыГаза секторунда көз жумгандардын саны 45 миңден аштыДары катары колдонулган чөптөрдү... 23.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-23T11:00+0600
2024-12-23T11:00+0600
2024-12-23T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091013699_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a1902e0b9b0b01da86fa6a65866fa37c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында миллиард сомдук мурдагы завод жана жер тилке мамлекетке кайтарылдыГаза секторунда көз жумгандардын саны 45 миңден аштыДары катары колдонулган чөптөрдү пайдаланууга тыюу салган мораторий узартылдыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн терип пайдаланууга салган тыюунун мөөнөтүн 2027-жылга чейин узартты. Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн тизмесине элдик медицинада дарылыгы бар деп эсептелген арнебия, макротония, башкача айтканда, эндиктин эки түрү, ясенец (эл оозундагы аталышы беш жылдыз), афлатун пиязы, аконит, родиола жана самарканд өчпөс гүлү кирген. "Бул чөптөр элдик медицинада дары катары колдонулгандыктан коммерциялык максатта өтө көп өлчөмдө терип саткандар арбыган. Жыйынтыгында аталган өсүмдүктөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген", — деп айтылат маалыматта. Документте тизмедеги өсүмдүктөрдү чогултууга, ташууга, сатып алууга, сатууга, пайдаланууга жана экспорттоого тыюу салынганы жазылган.
Нарында темир-бетон заводу жана дарыянын жээгиндеги 6,6 гектарлык кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин баасы 1 миллиард 79 миллион сомду түзөт. "2002-жылы Нарын шаардык администрациясы "Мунара Курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы темир-бетон заводунун 6,6 гектар жерин мыйзамсыз бекитип берген. Кийин буйрук менен "Кадастр" ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара Курулуш" АКсынын ээсине аталган жер тилкеге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен", — деп айтылат маалыматта. Участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылганы кошумчаланды.
Россия өз кызыкчылыгына зыян келтирбестен АКШ менен мамиле түзүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Павел Зарубин менен маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды. Өлкө башчысы Батыш азыр кырдаалды курчутуп жатканын айтып, Россия кандай чакырык болбосун баарына жооп берерин белгилеген. "Азыркы каршылашыбыз эмне кылып жатканын көрүп жатабыз. Алар кырдаалды курчутууда. Эгер ушундай кылгылары келип жатса, мейли, курчута берсин. Биз кандай гана чакырык болбосун, баарына жооп беребиз", — деген Путин. Путин коркунуч көбөйүп жатканын, үчүнчү дүйнөлүк согуш менен эч кимди коркутпаш керектигин кошумчалаган.
Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт жана аялдар менен балдарды коргоого багытталат. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген. Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болгон.Гайнутдин кеп катталган нике тууралуу эмес, мусулман коомчулугунун ички маселеси болгон диний нике жөнүндө болуп жатканын белгиледи.
Израилдин Газа секторунда 2023-жылдын 7-октябрында баштаган аскердик операциясынын жүрүшүндө 45 259 киши көз жуумп, 107 627 адам жаракат алган. Бул тууралуу Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин жекшемби күнү жарыялаган отчетунда айтылганын РИА Новости кабарлады. Документке ылайык, өткөн суткада эле Израиль армиясынын төрт ирет жасаган соккусунан 32 адам каза таап, 54 палестиналык жарадар болгон. "Ушу кезге чейин урандылардын алдында калган сөөктөр бар. Куткаруучулар менен медиктердин тобу аларга азырынча жетпей жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Нарында миллиард сомдук мурдагы завод жана жер тилке мамлекетке кайтарылдыГаза секторунда көз жумгандардын саны 45 миңден аштыДары катары колдонулган чөптөрдү пайдаланууга тыюу салган мораторий узартылдыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинети жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн терип пайдаланууга салган тыюунун мөөнөтүн 2027-жылга чейин узартты. Тыюу салынган өсүмдүктөрдүн тизмесине элдик медицинада дарылыгы бар деп эсептелген арнебия, макротония, башкача айтканда, эндиктин эки түрү, ясенец (эл оозундагы аталышы беш жылдыз), афлатун пиязы, аконит, родиола жана самарканд өчпөс гүлү кирген. "Бул чөптөр элдик медицинада дары катары колдонулгандыктан коммерциялык максатта өтө көп өлчөмдө терип саткандар арбыган. Жыйынтыгында аталган өсүмдүктөр жок болуп кетүү коркунучуна кептелген", — деп айтылат маалыматта. Документте тизмедеги өсүмдүктөрдү чогултууга, ташууга, сатып алууга, сатууга, пайдаланууга жана экспорттоого тыюу салынганы жазылган.Нарында темир-бетон заводу жана дарыянын жээгиндеги 6,6 гектарлык кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин баасы 1 миллиард 79 миллион сомду түзөт. "2002-жылы Нарын шаардык администрациясы "Мунара Курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы темир-бетон заводунун 6,6 гектар жерин мыйзамсыз бекитип берген. Кийин буйрук менен "Кадастр" ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара Курулуш" АКсынын ээсине аталган жер тилкеге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен", — деп айтылат маалыматта. Участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылганы кошумчаланды.Россия өз кызыкчылыгына зыян келтирбестен АКШ менен мамиле түзүүгө даяр. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин журналист Павел Зарубин менен маектешип жатып айтканын РИА Новости жазды. Өлкө башчысы Батыш азыр кырдаалды курчутуп жатканын айтып, Россия кандай чакырык болбосун баарына жооп берерин белгилеген. "Азыркы каршылашыбыз эмне кылып жатканын көрүп жатабыз. Алар кырдаалды курчутууда. Эгер ушундай кылгылары келип жатса, мейли, курчута берсин. Биз кандай гана чакырык болбосун, баарына жооп беребиз", — деген Путин. Путин коркунуч көбөйүп жатканын, үчүнчү дүйнөлүк согуш менен эч кимди коркутпаш керектигин кошумчалаган.Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт жана аялдар менен балдарды коргоого багытталат. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин билдиргенин РИА Новости жазды. Буга чейин Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген. Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болгон.Гайнутдин кеп катталган нике тууралуу эмес, мусулман коомчулугунун ички маселеси болгон диний нике жөнүндө болуп жатканын белгиледи.Израилдин Газа секторунда 2023-жылдын 7-октябрында баштаган аскердик операциясынын жүрүшүндө 45 259 киши көз жуумп, 107 627 адам жаракат алган. Бул тууралуу Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлигинин жекшемби күнү жарыялаган отчетунда айтылганын РИА Новости кабарлады. Документке ылайык, өткөн суткада эле Израиль армиясынын төрт ирет жасаган соккусунан 32 адам каза таап, 54 палестиналык жарадар болгон. "Ушу кезге чейин урандылардын алдында калган сөөктөр бар. Куткаруучулар менен медиктердин тобу аларга азырынча жетпей жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/17/1091013699_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5a862c9da79383c1bdee68486d858810.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио