https://sputnik.kg/20241228/aktau-zhabyrkagan-kyrgyzstandyk-uchak-zhiberilet-1091140292.html
Алагөзов: авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыкты алып келүүгө учак даяр
Алагөзов: авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыкты алып келүүгө учак даяр
Sputnik Кыргызстан
Учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор бойдон калууда. 28.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-28T16:18+0600
2024-12-28T16:18+0600
2024-12-29T10:59+0600
кыргызстан
казакстан
актау
учак
кыргызстандык
авиакырсык
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1c/1091140421_0:201:1280:921_1920x0_80_0_0_7743aba456cccd44777fe905c7e17aaf.jpg
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.Алагөзов учурда кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи.Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учак кулады. Анда 67 адамдын 38и каза тапты. Борттогулардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
https://sputnik.kg/20241225/sadyr-zhaparov-kyrsyk-azerbayzhan-1091061395.html
казакстан
актау
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1c/1091140421_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_312b8341e8df49110fa336b296a304d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, казакстан, актау, учак, кыргызстандык, авиакырсык, сүрөт
кыргызстан, казакстан, актау, учак, кыргызстандык, авиакырсык, сүрөт
Алагөзов: авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыкты алып келүүгө учак даяр
16:18 28.12.2024 (Жаңыртылды: 10:59 29.12.2024) Учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор бойдон калууда.
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.
Алагөзов учурда кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи.
Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.
25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку – Грозный багытында
учуп бара жаткан учак кулады. Анда 67 адамдын
38и каза тапты. Борттогулардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
25 Бештин айы 2024, 14:59