https://sputnik.kg/20250106/1091268642.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2024-жылдын... 06.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-06T13:00+0600
2025-01-06T13:00+0600
2025-01-06T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/06/1091268510_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_de27a5a5f52c3a1f89093ffd9e4f479e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 40-52-жумаларында республикада оор респиратордук инфекциялар боюнча 1 144 анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен эки адам метапневмовирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Мындан тышкары, 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.Метапневмовирус Кытайда жайылып, абдан кооптуу вирус экени кабарланууда. Ал негизинен балдарга жана карыларга кооптуу. Инфекцияны алдын алуу үчүн жеке гигиена менен аралыкты сактоо сунушталат.
Лейлекте жарылган снаряддан жабыр тарткандарга операция жасалып, экөөнүн тең абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Жарылууга байланыштуу кыргыз-тажик ИИМинин өкүлдөрү жолугушканын Баткен ОИИБ билдирди. “Окуя боюнча Лейлек менен Согдунун РИИБ жетекчилери жолугуп, элди дүрбөлөңгө түшүрбөө максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда окуя болгон жай милиция тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланууда”, — деп айтылган милициянын маалыматында. Эске салсак, кечээ Лейлек районунун Арка-2 айылында снаряд жарылып, эки жаран жараат алган.
Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка жана Арал постторундагы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөөлөр бүгүн, 6-январда саат 10:20да алынды. Эскерте кетсек, күн мурун, 5-январда аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган посттордо убактылуу чектөө киргизилген.
Кыргыз спортчулары кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында болот. Оюндар 11 спорттун түрүнөн өтүп, 64 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШнын президенти боло турган Дональд Трампты Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн ордуна Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга көндүрүүгө аракет кылат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Times гезитине жарыяланган макалага таянып жазды. "Стармер Вашингтонго январдын аягы, февралдын башында барары пландалууда. Ал Трампты Путин менен келишим түзүүгө убада бергенине карабай Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө болушунча үндөйт", — деп жазылат анда. Мындан тышкары, маалыматта британиялык премьер-министрдин Трамптын чет элдик товарларды АКШга киргизүүдө салык төлөмдөрүн орнотуу планына каршы экендиги белгиленген. Ошол эле учурда Стармердин Американын улуттук коопсуздук боюнча жаңы администрациясын колдой тургандыгы кошумчаланган.Декабрь айында Стармер G7 мамлекеттеринин лидерлерин санкциялар аркылуу Россияга басымды күчөтүүгө, Киевге жардамды көбөйтүүгө чакырган. 22-декабрда Трамп Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Путин менен жолугушууну күтүп жатканын айткан.
Кыргызстанда метапневмовирус жуктурган эки учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 40-52-жумаларында республикада оор респиратордук инфекциялар боюнча 1 144 анализ жүргүзүлгөн. Анын ичинен эки адам метапневмовирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталган. Мындан тышкары, 210 риновирус, 259 респиратордук вирус, 105 аденовирус, 79 бокавирус жана сасык тумоонун 98 түрү аныкталган.Метапневмовирус Кытайда жайылып, абдан кооптуу вирус экени кабарланууда. Ал негизинен балдарга жана карыларга кооптуу. Инфекцияны алдын алуу үчүн жеке гигиена менен аралыкты сактоо сунушталат.Лейлекте жарылган снаряддан жабыр тарткандарга операция жасалып, экөөнүн тең абалы туруктуу оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.Жарылууга байланыштуу кыргыз-тажик ИИМинин өкүлдөрү жолугушканын Баткен ОИИБ билдирди. “Окуя боюнча Лейлек менен Согдунун РИИБ жетекчилери жолугуп, элди дүрбөлөңгө түшүрбөө максатында маалымат алмашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда окуя болгон жай милиция тарабынан кайтарууга алынып, жарандарды короонун ичине киргизбөө максатында лента тартылып, иликтөө иштери уланууда”, — деп айтылган милициянын маалыматында. Эске салсак, кечээ Лейлек районунун Арка-2 айылында снаряд жарылып, эки жаран жараат алган.Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка жана Арал постторундагы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, чектөөлөр бүгүн, 6-январда саат 10:20да алынды. Эскерте кетсек, күн мурун, 5-январда аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында аталган посттордо убактылуу чектөө киргизилген.Кыргыз спортчулары кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, мелдеш 7-14-февраль күндөрү Кытайдын Харбин шаарында болот. Оюндар 11 спорттун түрүнөн өтүп, 64 комплект медаль ойнотулат. Кыргызстандын атынан хоккей, биатлон, слалом, кёрлинг жана көркөм муз тебүү боюнча 50дөн ашуун спортчу катышары күтүлүүдө.Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШнын президенти боло турган Дональд Трампты Россия лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдүн ордуна Киевге аскердик колдоо көрсөтүүнү улантууга көндүрүүгө аракет кылат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Times гезитине жарыяланган макалага таянып жазды. "Стармер Вашингтонго январдын аягы, февралдын башында барары пландалууда. Ал Трампты Путин менен келишим түзүүгө убада бергенине карабай Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө болушунча үндөйт", — деп жазылат анда. Мындан тышкары, маалыматта британиялык премьер-министрдин Трамптын чет элдик товарларды АКШга киргизүүдө салык төлөмдөрүн орнотуу планына каршы экендиги белгиленген. Ошол эле учурда Стармердин Американын улуттук коопсуздук боюнча жаңы администрациясын колдой тургандыгы кошумчаланган.Декабрь айында Стармер G7 мамлекеттеринин лидерлерин санкциялар аркылуу Россияга басымды күчөтүүгө, Киевге жардамды көбөйтүүгө чакырган. 22-декабрда Трамп Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Путин менен жолугушууну күтүп жатканын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/06/1091268510_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1b39e831508d0b191b5d055445e32b05.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио