https://sputnik.kg/20250419/1093435454.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу комитет кабарлады. Ага ылайык, тартип сакчыларына... 19.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-19T16:59+0600
2025-04-19T16:59+0600
2025-04-19T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/13/1093435322_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8ea6fb6c62d0ae265fc9d145688050f9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу комитет кабарлады. Ага ылайык, тартип сакчыларына 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа берилген.Иш-чарага УКМКнын төрагасынан тышкары Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ОИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы катышкан. "Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө чакырып, мыйзамдуулукту сактоого жана калктын милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу керектигин эскертти", — деп жазылат маалыматта. Ал Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланарын белгилеген.
Кыргызстандыктар "Жеңиш терезелери" эл аралык акциясына катышууга чакырылганын Бишкектеги "Руский дом" билдирди. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Акцияга катышуу үчүн Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт тартыңыз. Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Сүрөттү үйүңүздүн терезесине тартыңыз. Акварель, гуашь же башка коопсуз боёкторду колдонуу сунушталат. Терезеңизди сүрөткө тартып #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештегдери менен соцтармакка чыгарыңыз. Акцияга кыргызстандыктар жаш курагына жана кесибине карабастан катыша алат. Сүрөттөрдү каалаган терезеге тартууга болот.
Ысык-Көл облусунда "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын жалпы аянты 792 миң гектарды түзөт. "Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнү, Какшаал, Жети-Бел тоо кыркалары, Кан-Теңири жаратылыш паркы, Сары-Чат — Ээр-Таш коругу жана Нарындын жаратылыш коругун бириктирген аймак экологиялык коридор болду. Максаты — жаныбар, өсүмдүк жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо", — деп айтылат маалыматта.Экологиялык коридордо өсүмдүк менен жаныбарларды көчүрүүгө, уулуу заттарды колдонууга, таштанды, радиоактивдүү заттарды көмүүгө, суунун нугун өзгөтүүгө жана жаныбарлардын ийин, уяларын бузууга тыюу салынат. Бирок илимий изилдөөгө, токой өсүмдүктөрүн отургузууга, карышкыр, чөө, карга, сагызган, чөкө таан, чыйырчык жана майнанын санын азайтып турууга уруксат берилет. Мындан тышкары, аталган аймакка туристтерди алып барууга болот.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу комитет кабарлады. Ага ылайык, тартип сакчыларына 2025-жылы чыгарылган 20 кызматтык автоунаа берилген.Иш-чарага УКМКнын төрагасынан тышкары Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ОИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы катышкан. "Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө чакырып, мыйзамдуулукту сактоого жана калктын милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу керектигин эскертти", — деп жазылат маалыматта. Ал Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланарын белгилеген.Кыргызстандыктар "Жеңиш терезелери" эл аралык акциясына катышууга чакырылганын Бишкектеги "Руский дом" билдирди. Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Акцияга катышуу үчүн Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сүрөт тартыңыз. Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Сүрөттү үйүңүздүн терезесине тартыңыз. Акварель, гуашь же башка коопсуз боёкторду колдонуу сунушталат. Терезеңизди сүрөткө тартып #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештегдери менен соцтармакка чыгарыңыз. Акцияга кыргызстандыктар жаш курагына жана кесибине карабастан катыша алат. Сүрөттөрдү каалаган терезеге тартууга болот. Ысык-Көл облусунда "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын жалпы аянты 792 миң гектарды түзөт. "Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөнү, Какшаал, Жети-Бел тоо кыркалары, Кан-Теңири жаратылыш паркы, Сары-Чат — Ээр-Таш коругу жана Нарындын жаратылыш коругун бириктирген аймак экологиялык коридор болду. Максаты — жаныбар, өсүмдүк жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо", — деп айтылат маалыматта.Экологиялык коридордо өсүмдүк менен жаныбарларды көчүрүүгө, уулуу заттарды колдонууга, таштанды, радиоактивдүү заттарды көмүүгө, суунун нугун өзгөтүүгө жана жаныбарлардын ийин, уяларын бузууга тыюу салынат. Бирок илимий изилдөөгө, токой өсүмдүктөрүн отургузууга, карышкыр, чөө, карга, сагызган, чөкө таан, чыйырчык жана майнанын санын азайтып турууга уруксат берилет. Мындан тышкары, аталган аймакка туристтерди алып барууга болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/13/1093435322_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_abb88f0c94f519f3ced6b10497fd0482.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио