00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтонго жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, иш сапарынын жүрүшүндө Касымалиевдин Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде, Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушуусу пландаштырылууда. "Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу стратегиялык маанилүү долбоорун илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен тегерек столго катышмакчы", — деп жазылат маалыматта. Минкаб башчысы Американын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөрү кошумчаланды.
Калкты тейлөө борборлору 1-майдан 12-майга чейин иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Майрамдык эс алуу күндөрүнөн улам борборлор 12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот. Министрлик "Түндүк" порталы аркылуу онлайн-кезекке туруу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Белгилей кетсек, жаңы Эмгек кодексине ылайык, 1-8-май — эс алуу күндөрү деп белгиленген. Ал эми 9-май календарда кызыл болсо, 10-11-май — дем алыш күндөр.
Бишкек шаардык транспорт мекемесинин жетекчиси Талант Капаров автобус айдоочулары сегиз сааттык ишке өтөрүн билдирди. Ал буга чейин айдоочулар 14 саат иштесе, эми кааласа-каалабаса да сегиз саатка өтөрүн белгиледи. "Май куйган, машина жуудурган жерге туруп калдым" дебей автобусту токтотуп кете бергиле. Жуулбай калса, жууй турчу кызматкерлер жооп берет. Сегиз саат иштеп, андан кийин үй-бүлөңөргө барып бала-чакаңарды карагыла. Ушу жерде саат 8ден 11ге чейин бала үчүн жүрөбүз. Бирок тарбиясына көңүл бурбасак, тапкан акча бир тыйын. Ошол үчүн айдоочулар 8 саат иштеп, калган убактыңарды үй-бүлөгө, жеңелерге, келин балдарга бургула", — деген Капаров. Буга чейин мэрия 500дөн ашык автобус айдоочусу ишке алынарын кабарлаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина маселесин жөнгө салууда тараптардын бири моюн толгой берсе, АКШ сүйлөшүү процессинен чыгарын айтканын РИА Новости жазды. "Эгер кандайдыр бир себеп менен эки тараптын бири ишти татаалдата турган болсо, "акылсыз экенсиңер" деп чыгып кетебиз. Бирок андай болбойт деп үмүттөнөбүз. Марко Рубио айткандай, биз деле мунун баары бүтүшүн каалайбыз", — деген Трамп. АКШнын Украина боюнча сүйлөшүү процессинен чыгам деген коркутуулары Москвага караганда Киевге көбүрөөк багытталганын Axios басылмасы европалык аткаминерлердин айтымына таянып кабарлаган. Европалык дипломаттар эгер АКШ чындап сүйлөшүү процессинен чыгып кетсе, Украина Американын жардамысыз калат деп кооптонушууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0