00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын деморкациялоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты. Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу болуп, ага облустун бардык райондорунан тургундар чакырылган.Ташиев элге эки өлкө кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашканы боюнча маалымат берип, көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет жаңы, заманбап үйлөрдү куруп берерин белгилеген. Ташиев зым тартуу иштерине чек арачылар күчөтүлгөн тартипте тартыларын айткан. Жолугушуунун соңунда Баткен жаштары Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белекке берип, мындан ары дагы коррупционерлердин тамырын чабууну күчөтүүнү суранышкан.
Салык кызматы айрым жеке ишкерлерди жана патент менен иштеген жарандарды Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди. Кабарлангандай, бошотуу - 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары менен базарларда соода жана фермердик чарба менен алектенген жеке ишкерлерге - Патент менен иштеген жарандарга; - Айрым соода аймактарында өзгөчө режим менен иштегендерге; - Юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбаларына тиешелүү болот. Бул өзгөртүүлөрдүн максаты —административдик жүктү азайтууга, жарандардын салык системасына болгон ишенимин жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Өзгөрүүлөр Салык кодексине киргизилери айтылды.
Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды. Салымбеков Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Ал мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи. "Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек", — деди бизнесмен. Эске салсак, өлкөдө түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам бар. Ага ылайык, иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.
АКШ Украинадагы тынчтык келишиминин алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип жазды. "Кошмо Штаттар Москва менен Киевдин ортосундагы кеңейтилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары Крымды Россиянын көзөмөлүндө деп таанууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө. Анткен менен агенттик Вашингтон бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген. Эске салсак, 18-мартта АКШ менен Россиянын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, бир катар маселелерге, анын ичинде Украинадагы абалга токтолгон. Ал эми 24-мартта Россия менен Украинанын делегациялары Эр-Риядда кезиккен.
Жаңылыктар түрмөгү
0