https://sputnik.kg/20250419/1093433452.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу... 19.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-19T15:00+0600
2025-04-19T15:00+0600
2025-04-19T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/13/1093433320_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8448ac6e18eb93b6793338023ed4b76b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, башкармалык мындай экспериментти өткөн жылы да жасап көргөн. "Былтыр пилоттук долбоор кылып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Ош — Бишкек жолунда, айланма трассада дрон учуруп көргөнбүз. Жарым сааттын ичинде каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдап жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу аныкталган. Быйыл да ошол экспертиментти колдонобуз. Туристтик мезгилде инспекторлор Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда эреже бузгандарды дрондун жардамы менен аныктайт", — деген Байказы Айтикул уулу.
Бишкекте 19-21-апрель күндөрү мода жана текстиль тармагындагы ири эл аралык “Texpo IV” көргөзмө-форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Замира Нуралиева радиолордун биринде берген маегинде билдирди. Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - текстиль жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. "Көргөзмө-форум Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн дизайнерлерин, өндүрүүчүлөрүн, бизнес өкүлдөрүн жана адистерин бир аянтчага чогултат. Ага Россия, Германия, Беларусь, Түркия, АКШ, Татарстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан, Индия, Бангладеш, Кытай жана Япония өлкөлөрүнөн келген адистер катышат", - деди ал. Нуралиева белгилегендей, форум - Кыргызстандын мода жана текстиль тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүчү платформа болмокчу.
Нарындагы Калмак ашуусундагы көчкү түшкөн жол апрелдин аягында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө. Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот.
АКШ Украинадагы тынчтык келишиминин алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип жазды. "Кошмо Штаттар Москва менен Киевдин ортосундагы кеңейтилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары Крымды Россиянын көзөмөлүндө деп таанууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө. Анткен менен агенттик Вашингтон бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.
Туристтик сезондо Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда жол эрежесин бузган айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди. Анын айтымында, башкармалык мындай экспериментти өткөн жылы да жасап көргөн. "Былтыр пилоттук долбоор кылып Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда, Ош — Бишкек жолунда, айланма трассада дрон учуруп көргөнбүз. Жарым сааттын ичинде каршы тилкеге чыгып, катуу ылдамдык менен айдап жол эрежесин одоно бузган 30дай айдоочу аныкталган. Быйыл да ошол экспертиментти колдонобуз. Туристтик мезгилде инспекторлор Бишкек — Торугарт, Бишкек — Ош, айланма жолдо жана капчыгайларда эреже бузгандарды дрондун жардамы менен аныктайт", — деген Байказы Айтикул уулу. Бишкекте 19-21-апрель күндөрү мода жана текстиль тармагындагы ири эл аралык “Texpo IV” көргөзмө-форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өнөр жай башкармалыгынын жетектөөчү адиси Замира Нуралиева радиолордун биринде берген маегинде билдирди. Анын айтымында, иш-чаранын негизги максаты - текстиль жана жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана жаңы базарларга чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. "Көргөзмө-форум Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн дизайнерлерин, өндүрүүчүлөрүн, бизнес өкүлдөрүн жана адистерин бир аянтчага чогултат. Ага Россия, Германия, Беларусь, Түркия, АКШ, Татарстан, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикстан, Индия, Бангладеш, Кытай жана Япония өлкөлөрүнөн келген адистер катышат", - деди ал. Нуралиева белгилегендей, форум - Кыргызстандын мода жана текстиль тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүчү платформа болмокчу. Нарындагы Калмак ашуусундагы көчкү түшкөн жол апрелдин аягында ачылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, учурда Сары-Булак – Соң-Көл унаа жолунун 37-42-чакырымдар аралыгында кар көчкү жана кар күрткү тазалоо иштери жүрүүдө.Жумуштар аймакты караган жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун 37-чакырымында иштер уланып, апрелдин аягында каттамды ачуу аракети көрүлүүдө. Белгилей кетсек, аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу Сары-Булак – Соң-Көл жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу жыл сайын октябрь айынан апрелге дейре жабык болот. АКШ Украинадагы тынчтык келишиминин алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип жазды. "Кошмо Штаттар Москва менен Киевдин ортосундагы кеңейтилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары Крымды Россиянын көзөмөлүндө деп таанууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө. Анткен менен агенттик Вашингтон бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/13/1093433320_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_511fe5453d8873d89309ffdf99516796.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио