https://sputnik.kg/20250115/nurbek-sydygaliyev-mederbek-aliyev-parlament-talash-1091428277.html
Жогорку Кеңеште вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Алиев кайым айтышты
Жогорку Кеңеште вице-спикер Сыдыгалиев менен депутат Алиев кайым айтышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медербек Алиев кайым айтышты. 15.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-15T14:30+0600
2025-01-15T14:30+0600
2025-01-15T14:30+0600
кыргызстан
нурбек сыдыгалиев
медербек алиев
парламент
талаш
видео
https://sputnik.kg/img/104677/07/1046770781_0:42:3010:1735_1920x0_80_0_0_2d157ff6040b90d977c5dab878f2d49d.jpg
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медербек Алиев кайым айтышты.Эл өкүлү төрагалык кылып жаткан Сыдыгалиев менен "ар кандай маселелерди" узартып алуу боюнча талкуу кылып жатып, ал кайым айтышууга өтүп кетти. Алиев вице-спикер регламентти бузуп, ага сөз бербей жатканын айтты.Буга жооп кылган Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлү бир маселе менен 10 жолу чыгып, башкалардын убактысын алып жатканын айтты. Экөө микрофон өчкөндөн кийин дагы бир топ талашышты.Ошону менен жыйын өз нугу менен уланып кеткен, бирок сөз Медербек Алиевге келгенде талаш кайра уланып, элдин көйгөйү менен миң жолу микрофонго чыгууга акылуу экенин айтты."Сизге жеке дооматым жок. Болгону мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылууга милдеттүүмүн. Эл мени маселебизди көтөр деп шайлаган. Сиз кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланып жатасыз. Бул — Кылмыш кодексинин беренеси", — деди ал.Сыдыгалиев жыйын түз эфирде болуп, аны дүйнө жүзү көрүп жатканын, болбосо Алиев тууралуу айта турган сөз көп экенин билдирди."Сиз кайра-кайра чыгып убакытты алып жатасыз. Бул жакта дагы башка депутаттар бар да. Эмне болуп жатасыз түшүнбөй турам. Мени эмне эл шайлабай президенттин сунушу менен келип калыптырмынбы?" — деп сөзүн жыйынтыктады.
https://sputnik.kg/20250115/kyrgyzstan-shayloo-nurbek-sydykov-1091425135.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104677/07/1046770781_39:0:2770:2048_1920x0_80_0_0_18359f572633cd6a99a56fa56c8bb282.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, нурбек сыдыгалиев, медербек алиев, парламент, талаш, видео
кыргызстан, нурбек сыдыгалиев, медербек алиев, парламент, талаш, видео
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медербек Алиев кайым айтышты.
Эл өкүлү төрагалык кылып жаткан Сыдыгалиев менен "ар кандай маселелерди" узартып алуу боюнча талкуу кылып жатып, ал кайым айтышууга өтүп кетти. Алиев вице-спикер регламентти бузуп, ага сөз бербей жатканын айтты.
"Өзүңүзгө көптү ала бербеңиз. 90 депутат менен бирдейсиз, бир аз мурда сөз сурасам бербей койдуңуз. Бул сиздин жеке фирмаңыз же атаңыздан мураска калган кызмат орун эмес. Мыйзамга таянып иштейли", — деди Алиев.
Буга жооп кылган Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлү бир маселе менен 10 жолу чыгып, башкалардын убактысын алып жатканын айтты. Экөө микрофон өчкөндөн кийин дагы бир топ талашышты.
Ошону менен жыйын өз нугу менен уланып кеткен, бирок сөз Медербек Алиевге келгенде талаш кайра уланып, элдин көйгөйү менен миң жолу микрофонго чыгууга акылуу экенин айтты.
"Сизге жеке дооматым жок. Болгону мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылууга милдеттүүмүн. Эл мени маселебизди көтөр деп шайлаган. Сиз кызмат абалыңыздан кыянаттык менен пайдаланып жатасыз. Бул — Кылмыш кодексинин беренеси", — деди ал.
Сыдыгалиев жыйын түз эфирде болуп, аны дүйнө жүзү көрүп жатканын, болбосо Алиев тууралуу айта турган сөз көп экенин билдирди.
"Сиз кайра-кайра чыгып убакытты алып жатасыз. Бул жакта дагы башка депутаттар бар да. Эмне болуп жатасыз түшүнбөй турам. Мени эмне эл шайлабай президенттин сунушу менен келип калыптырмынбы?" — деп сөзүн жыйынтыктады.