https://sputnik.kg/20250120/kyrgyzstan-bishkek-ysh-tygyn-1091531425.html
Жогорку Кеңештин депутаттары ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканын сынга алышты
Жогорку Кеңештин депутаттары ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканын сынга алышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканы айтылып, депутаттар алешемдиктерди тизмектеди. 20.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-20T13:19+0600
2025-01-20T13:19+0600
2025-01-20T13:20+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
бишкек
ыш
тыгын
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1071016801_0:133:2560:1573_1920x0_80_0_0_38528e28d4692b5b8b801b3965cf82c7.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканы айтылып, депутаттар алешемдиктерди тизмектеди.Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев отчет берип, абанын булгануусуна автокөлүктөрдүн катализаторсуз иштөөсү, бак-дарактардын кыйылышы жана башаламан курулуштар таасир этип жатканын айтты.Министр Бишкектеги ыштын негизги себептери катары төмөнкүлөрдү атады:Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев газдаштырууга насыяны пайызсыз берүү керектигин белгиледи. Акбөкөн Таштанбеков катализатору жок автоунааларга айып салууну сунуштаса, Нурбек Алимбеков катализаторду элге бекер берүү керектигин айтты.Ал эми Балбак Түлөбаев көйгөйдү чечүү үчүн бир катар сунуштарды айтып, бул багыттагы алешемдиктерди атады."Министр Кара-Кеченин көмүрүн жакканга болбой турганын айтууда. Андай болсо эмне үчүн мындай көмүрдү жагууга уруксат бересиздер? Шаар тургай айылдар да ыштан жабыркоодо. Мэрия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда. Өкмөт жардам бериш керек эле, бирок алдап кетти. 50 миллион долларды ыш менен күрөшкө деп алып, республикага чачыратып жатасыңар. Ошону мэрияга бергилечи. Ышты кандай чечер экен. Эки миллиард сом берем деп, ал дагы жок. Үстүнө сегиз пайыздан коюп алып, ууланып өлгүлө деп отурасыңар", — деди Түлөбаев.Мындан тышкары, эл өкүлү тыгын маселеси чечилсе ыш азаярын белгилеп, монорельс жана метро курулушу керектигин дагы бир жолу эскертти.
https://sputnik.kg/20250114/marlen-mamataliyev-tygyn-bishkek-toktom-1091409040.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/0c/1071016801_144:0:2417:1705_1920x0_80_0_0_ef1f32aa8bf47593acc6e8a6881ad586.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, бишкек, ыш, тыгын
кыргызстан, жогорку кеңеш, бишкек, ыш, тыгын
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңеште ыш менен күрөш чабал жүрүп жатканы айтылып, депутаттар алешемдиктерди тизмектеди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев отчет берип, абанын булгануусуна автокөлүктөрдүн катализаторсуз иштөөсү, бак-дарактардын кыйылышы жана башаламан курулуштар таасир этип жатканын айтты.
"Ыш дагы деле бар, бирок анын көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу азайды", — деди Машиев.
Министр Бишкектеги ыштын негизги себептери катары төмөнкүлөрдү атады:
жеке сектордогу көмүр жагуу — 40 пайыз;
эски жана катализаторсуз автоунаалар — 30 пайыз;
шамал менен тараган чаң — 13,5 пайыз;
өндүрүштүк объектилер — 1,5 пайыз.
Отурумдун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев газдаштырууга насыяны пайызсыз берүү керектигин белгиледи. Акбөкөн Таштанбеков катализатору жок автоунааларга айып салууну сунуштаса, Нурбек Алимбеков катализаторду элге бекер берүү керектигин айтты.
Ал эми Балбак Түлөбаев көйгөйдү чечүү үчүн бир катар сунуштарды айтып, бул багыттагы алешемдиктерди атады.
"Министр Кара-Кеченин көмүрүн жакканга болбой турганын айтууда. Андай болсо эмне үчүн мындай көмүрдү жагууга уруксат бересиздер? Шаар тургай айылдар да ыштан жабыркоодо. Мэрия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда. Өкмөт жардам бериш керек эле, бирок алдап кетти. 50 миллион долларды ыш менен күрөшкө деп алып, республикага чачыратып жатасыңар. Ошону мэрияга бергилечи. Ышты кандай чечер экен. Эки миллиард сом берем деп, ал дагы жок. Үстүнө сегиз пайыздан коюп алып, ууланып өлгүлө деп отурасыңар", — деди Түлөбаев.
Мындан тышкары, эл өкүлү тыгын маселеси чечилсе ыш азаярын белгилеп, монорельс жана метро курулушу керектигин дагы бир жолу эскертти.