00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстан алгачкы ирет 1,7 миллиард доллар суммасында суверендүү облигация чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азия каржы форумуна катышкандан кийин China Daily басылмасына курган маегинде билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык рынокко алгачкы ирет чыгат. "Биз эл аралык капитал рыногун өлкөбүз үчүн маанилүү жана келечектүү каржылоо булагы катары карап жатабыз. Эмиссиянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми мурда жарыяланган маалыматтарга ылайык, төлөп берүү мөөнөтү 10 жылга жетет. Даярдык иштеринин алкагында суверендүү рейтингдерибизди жогорулатуу үчүн активдүү иштеп жатабыз. Бизге колдоо көрсөтүп жаткан консультанттар жана банктар менен да тыгыз кызматташып келебиз", — деди ал.Сыдыков Кыргызстан бир нече роуд-шоу форматында маалыматтык иш-чараларды өткөргөнүн, алардын айрымдары Гонконгдо уюштурулганын айтты.Сыдыков Гонконгдун финансы борбору катары статусун колдонуу менен инвесторлордун кызыгуусун арттырууну, ошондой эле алардын чөйрөсүн кеңейтип, диверсификациялоону көздөп жатышканын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова социалдык объектилерди кайтарууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин кароо керектигин айтты.Бул маселе коррупционерлерге мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салган мыйзам каралып жатканда көтөрүлдү.Кожокулова Башкы прокуратурага кайрылып, бул маселени иштеп чыгууну сунуштады."Мамлекеттик мүлктү кайтарган маалда алардын ушунча жыл бою колдонулганын дагы эске алышыбыз керек. Өмүр бою киреше тапкан, эми завод, жер тилкеси жана башка нерселерди кайтарып бергенде кирешесинин бир бөлүгүн төлөп берсин", — деди Кожокулова. Буга чейин Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан тарта мамлекетке 1 174 объект кайтарылганын айткан.Дептат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген бул документ Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде биринчи окуудан өттү.
Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, ал кыргыз койлору менен гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу аркылуу алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат."Министрлик Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорду апробациядан өткөрүү үчүн түштүк облустарга комиссия жөнөттү", — деп айтылат маалыматта.Комиссия ар бир фермердик чарбадагы койлорду изилдеп, "Ала-Тоо" породасынын башка түрлөрдөн айырмачылыктарын баалайт.
Мектеп окуучулары үчүн Улуу Ата Мекендик согушка арналган олимпиада өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара 25-февралда башталат, бирок каттоо учурда жүрүп жатат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылды.Олимпиаданын финалына чыккандардын жол кире, мейманкана чыгымдарын уюштуруучу тарап өз мойнуна алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0