https://sputnik.kg/20250222/1092222443.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишти. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу... 22.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-22T11:00+0600
2025-02-22T11:00+0600
2025-02-22T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092222311_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_75cb3c24c6146c4eccbbcb249d56cdaf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишти. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюлгандан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Ташиев: Биз чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук, андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык: бул чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим. Бүгүн чек араны макулдашуу маселесин толук чечтик деди. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук төрагасы Ятимов:Бүгүнкү күндө парафировкаланган эң маанилуу тарыхый документ — республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим; Татаал иш логикалык жыйынтыкка жеткирилди. Келишим ишке ашса, эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып келе жаткан талашка чекит коюлат. Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат деп белгиледи.Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт.
Алтынбек Максүтов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады. Максүтов бул кызматка 2022-жылдын октябрында дайындалган. Ал буга чейин Маданият министрлигин 2014-жылдан 2016-жылга чейин дагы башкарган. Маданият министринин милдетин аткаруу Мирбек Мамбеталиевге жүктөлдү.
АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 2019-жылы президенттик шайлоодо Владимир Зеленскийдин жеңишин шарттаган антикоррупциялык телешоуну каржылоого 100 миң доллар бөлгөн. Муну РИА Новости элге жеткиликтүү болгон отчетту анализдеп таап чыккан. Агенттиктин маалыматына караганда, U-Media долбоорунун алкагында каржыланган программалардын бири — шайлоо алдында өлкөдөгү эң таасирдүү берүүлөрдөн болгон, иликтөө жүргүзгөн "Наші гроші" телешоусу эле. Берүү ошол кездеги президент Петр Порошенконун беделине доо кетирген материалдарды чыгарып, аны менен катар эле Зеленскийдин коррупция менен күрөшүү боюнча айткандарын колдоп турган. USAID агенттигинин маалыматына таянсак, алар толугу менен каржылап турган берүүнүн маанилүүсү 2019-жылдын февралында чыккан. Ал 2017-жылдын октябрында жарыяланган материалдарга негизделген. Кеп Украинанын коргонуу тармагындагы Порошенкого жакын адамдар жасашы мүмкүн делген коррупциялык иштер туурасындагы иликтөө боюнча жүрүп жатат.Дональд Трамп тарабынан USAID агенттигине убактылуу башчы болуп дайындалган АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мурдараак бийлик агенттикти "толугу менен текшерүүнү" пландап жатканын билдирген. Бийлик программаларды каржылоо азыркы администрациянын эл аралык саясатына туура келер-келбесин билиш үчүн агенттикти тыкыр текшерип чыгууга камынды.
Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишти. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюлгандан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Ташиев: Биз чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук, андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык: бул чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим. Бүгүн чек араны макулдашуу маселесин толук чечтик деди. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук төрагасы Ятимов:Бүгүнкү күндө парафировкаланган эң маанилуу тарыхый документ — республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим; Татаал иш логикалык жыйынтыкка жеткирилди. Келишим ишке ашса, эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып келе жаткан талашка чекит коюлат. Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат деп белгиледи.Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт.Алтынбек Максүтов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы кабарлады. Максүтов бул кызматка 2022-жылдын октябрында дайындалган. Ал буга чейин Маданият министрлигин 2014-жылдан 2016-жылга чейин дагы башкарган. Маданият министринин милдетин аткаруу Мирбек Мамбеталиевге жүктөлдү.АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) 2019-жылы президенттик шайлоодо Владимир Зеленскийдин жеңишин шарттаган антикоррупциялык телешоуну каржылоого 100 миң доллар бөлгөн. Муну РИА Новости элге жеткиликтүү болгон отчетту анализдеп таап чыккан. Агенттиктин маалыматына караганда, U-Media долбоорунун алкагында каржыланган программалардын бири — шайлоо алдында өлкөдөгү эң таасирдүү берүүлөрдөн болгон, иликтөө жүргүзгөн "Наші гроші" телешоусу эле. Берүү ошол кездеги президент Петр Порошенконун беделине доо кетирген материалдарды чыгарып, аны менен катар эле Зеленскийдин коррупция менен күрөшүү боюнча айткандарын колдоп турган. USAID агенттигинин маалыматына таянсак, алар толугу менен каржылап турган берүүнүн маанилүүсү 2019-жылдын февралында чыккан. Ал 2017-жылдын октябрында жарыяланган материалдарга негизделген. Кеп Украинанын коргонуу тармагындагы Порошенкого жакын адамдар жасашы мүмкүн делген коррупциялык иштер туурасындагы иликтөө боюнча жүрүп жатат.Дональд Трамп тарабынан USAID агенттигине убактылуу башчы болуп дайындалган АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио мурдараак бийлик агенттикти "толугу менен текшерүүнү" пландап жатканын билдирген. Бийлик программаларды каржылоо азыркы администрациянын эл аралык саясатына туура келер-келбесин билиш үчүн агенттикти тыкыр текшерип чыгууга камынды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092222311_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a65208f78e1e948b726c96bdbca9ad0a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:00 22.02.2025 (Жаңыртылды: 11:10 22.02.2025) Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек ара боюнча тарыхый макулдашууга жетишти. Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол коюлгандан кийин Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов билдирүү жасашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Ташиев: Биз чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук, андан ары президенттердин кол коюусуна бир нече документтерди даярдадык: бул чек ара келишими, суу-энергетикалык объектилер боюнча келишим, жол кесилишин пайдалануу жана жаңы жолдорду куруу боюнча келишим. Бүгүн чек араны макулдашуу маселесин толук чечтик деди. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук төрагасы Ятимов:Бүгүнкү күндө парафировкаланган эң маанилуу тарыхый документ — республикалардын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндөгү келишим; Татаал иш логикалык жыйынтыкка жеткирилди. Келишим ишке ашса, эки боордош республиканын чек ара маселесине байланыштуу 100 жылдан бери уланып келе жаткан талашка чекит коюлат. Бул тарыхый документтер биздин элдерибиздин кызыкчылыктарына кызмат кылат деп белгиледи.Эскерте кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт.