00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
24-25-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев төрага болуп дайындалгандан бери биринчи расмий сапары менен Казакстанга барат. Адылбек Касымалиев расмий сапарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп эки тараптуу кызматташуу маселелерин кенен сүйлөшөт. Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борбору, Казакстандын Санариптик өкмөтүнүн кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча лидер аталды. Бул тууралуу "Рассказываем о ЕАЭС" Telegram каналы жазды. 2024-жылы республикада өнөр жай өндүрүшү 5,5 пайызга өскөн. ЕАЭБ боюнча орточо көрсөткүч 4,5 пайызды түзөт. Белгиленгендей, өсүш Беларуста (5,4 пайызга), Арменияда (4,7 пайызга), Россияда (4,6 пайызга) жана Казакстанда (2,7 пайызга) да байкалган. Ошону менен бирге бирикменин кайра иштетүүчү өнөр жайында продукциянын көлөмү отчеттук мезгилдин ичинде 8,2 пайызга өстү.
Муфтият маркумдун сөөгүн жерге берүү боюнча жаңы фатва чыгарды. Ага ылайык, үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ысырапкорчулук болбошу үчүн "ак кийди", "көк кийди", "жыртыш" таратууга да болбойт. Маркумдун үйүнөн үч күн ичинде мал союлуп, казан асылбашы керек. Ал эми мүрзөгө жупуну белги коюп, ага маркумдун аты-жөнү, туулган, каза болгон датасын жазууга уруксат берилип, таштан, граниттен, темирден эстелик коюуга болбой турганы жазылды. Мындан тышкары, себеби жок сөөктү эки-үч күн кармоого болбой турганы, шарият боюнча жерге эртерээк берилиши керектиги айтылды.
Кара-Балтада 60 блоктон турган 15 кабаттуу турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Аймакка 4 420 батир салынмакчы. Мындан тышкары, коммерциялык жайлар, 750 орундуу эки мектеп, 280 орундуу эки бала бакча, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар курулат. Өзүнүн жеке заманбап жылуулук борбору да болот. Ушундай эле комплекстер Токмок менен Кантта дагы курулууда.
АКШнын президенти Дональд Трамптын айланасындагы адамдар Владимир Зеленский Украинадан тез арада чыгып кетиши керек деп эсептей турганын New York Post жазды. "Зеленский үчүн да, дүйнө үчүн да Францияга кетип калганы эң жакшы вариант болмок", — деп басылма Ак үйдүн башчысына жакын булактын сөздөрүн келтирген. New York Postбилдиргендей, америкалык лидердин айланасында Зеленскийди колдогондор аз.
Жаңылыктар түрмөгү
0