https://sputnik.kg/20250223/1092233016.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар"... 23.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-23T08:59+0600
2025-02-23T08:59+0600
2025-02-23T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092232884_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4a0513a370679de94ffc3853675ff895.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган. Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке каккан.Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан. "Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин", — деген Садыр Жапаров. "Барселонанын" көп функционалдуу комплекси Бишкектин түштүк тарабына салынууда.
Cадыр Жапаров таксилердин ишин лизенциялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Документти Жогорку Кеңеш 22-январда кабыл алган. Ал президент кол койгондон алты ай өткөн соң күчүнө кирет. Мындай чара жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектиги белгиленди. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматына колдонулган оң рулдуу унааларды сатып жиберүүнү сунуштаган. Анткени аларга таксинин лицензиясы берилбейт.
Ысык-Көл аймагында “Асман” долбоору боюнча шаарды куруу жаатында түштүк кореялык, монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан аталган компаниялар менен жашыл энергетика тармагында иштешет. "Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. “Асмандагы” шаардын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына. Буга чейин Нурдан Орунтаев “Асман” долбоору боюнча шаарда жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон. Орунтаев бул узак мөөнөттүү долбоор, качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эместигин, баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат куруларын кошумчалаган.
2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек.Депутат Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип, жок кылып жатканын айткан. Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган. 18-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Украин
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган. Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке каккан.Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан. "Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин", — деген Садыр Жапаров. "Барселонанын" көп функционалдуу комплекси Бишкектин түштүк тарабына салынууда.Cадыр Жапаров таксилердин ишин лизенциялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Документти Жогорку Кеңеш 22-январда кабыл алган. Ал президент кол койгондон алты ай өткөн соң күчүнө кирет. Мындай чара жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектиги белгиленди. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев такси кызматына колдонулган оң рулдуу унааларды сатып жиберүүнү сунуштаган. Анткени аларга таксинин лицензиясы берилбейт.Ысык-Көл аймагында “Асман” долбоору боюнча шаарды куруу жаатында түштүк кореялык, монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан аталган компаниялар менен жашыл энергетика тармагында иштешет. "Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. “Асмандагы” шаардын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына. Буга чейин Нурдан Орунтаев “Асман” долбоору боюнча шаарда жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон. Орунтаев бул узак мөөнөттүү долбоор, качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эместигин, баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат куруларын кошумчалаган.2024-жылдын ноябрь айынан бери абакта отурган Жогорку Раданын депутаты Александр Дубинский өзүнүн Telegram каналы аркылуу Украинанын президенттигине талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө шайлоо тууралуу расмий билдирүү боло элек.Депутат Владимир Зеленский шайлоо өткөрүүгө жол бербөө үчүн баарын жасап жатканын, атаандаштарына пара берип, ал тургай коркутуп, кылмыш иш илип, жок кылып жатканын айткан. Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылдын май айында аяктаган. 18-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Украин
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/17/1092232884_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e3e6e910a4a646d7fa6b580a83738784.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио