https://sputnik.kg/20250222/1092227917.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар"... 22.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-22T15:00+0600
2025-02-22T15:00+0600
2025-02-22T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092227785_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f811aaf3c4a8cbd010daf5be16bee638.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган. Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке каккан. Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан."Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин", — деген Садыр Жапаров.
Ысык-Көл аймагында “Асман” долбоору боюнча шаарды куруу жаатында түштүк кореялык, монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан аталган компаниялар менен жашыл энергетика тармагында иштешет. "Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. “Асмандагы” шаардын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына. Буга чейин Нурдан Орунтаев “Асман” долбоору боюнча шаарда жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон. Орунтаев бул узак мөөнөттүү долбоор, качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эместигин, баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат куруларын кошумчалаган.
Муфтият маркумдун сөөгүн жерге берүү боюнча жаңы фатва чыгарды. Ага ылайык, үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ысырапкорчулук болбошу үчүн "ак кийди", "көк кийди", "жыртыш" таратууга да болбойт. Маркумдун үйүнөн үч күн ичинде мал союлуп, казан асылбашы керек. Ал эми мүрзөгө жупуну белги коюп, ага маркумдун аты-жөнү, туулган, каза болгон датасын жазууга уруксат берилип, таштан, граниттен, темирден эстелик коюуга болбой турганы жазылды. Мындан тышкары, себеби жок сөөктү эки-үч күн кармоого болбой турганы, шарият боюнча жерге эртерээк берилиши керектиги айтылды.
Америка менен Россиянын расмий өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушууда Украинанын аймагы боюнча маселени талкуулаган эмес, максат башка болгон. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын РИА Новости анын жакында берген интервьюсунан алып жазды.Рубио АКШ Киев жана европалык союздаштары менен консультацияларды жүргүзүп жаткандыгын да айткан.Рубио маегинде Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолгон. Бирок азырынча тоскоолдуктар турганын белгилеген.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкекте салынып жаткан "Барселона" футбол клубу боюнча айрым ЖМКлардын жазгандарына жооп берди. Президенттин маеги "Кабар" агенттигине жарыяланган. Анда Садыр Жапаров колунда жоктор "Барселона" футбол клубунда машыга албайт деген маалыматын четке каккан. Мамлекет башчы Бишкектеги "Барселона" футбол клубунун курулушу боюнча да жооп берген. Буга чейин айрым ЖМКлар курулуш иштерине президент менен УКМК төрагасынын жакындарынын тиешеси бар экенин жазышкан."Курулушка ким болбосун катышканы жакшы. Бул жер комплекстүү болуп курулуп жатат. Футбол академиясы, бала бакча, окуу жайлары, эки стадион жана башка инфраструктуралары бар. Ошонун ичинде турак жай дагы бар. Турак жайдан түшкөн пайда менен жогоруда мен атаган социалдык объектилер салынат. Франшизанын акчасы төлөнөт. Бул долбоордо бирөө жарым кыйраткан деле пайда көрбөйт. Долбоор өзүн-өзү 20-30 жылда актайт. Ошол ЖМК курулушка катышам десе келсин", — деген Садыр Жапаров.Ысык-Көл аймагында “Асман” долбоору боюнча шаарды куруу жаатында түштүк кореялык, монголиялык компаниялар менен келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан аталган компаниялар менен жашыл энергетика тармагында иштешет. "Булардын компанияларында күн энергетикасы жаатында үлгүлүү технологиялар бар, саркынды сууларды тазалоочу курулмалар боюнча да иштешкени жатабыз. “Асмандагы” шаардын башкы планы дээрлик даяр, бекитилип калды, жакын арада иш башталат", — деген ал ЭлТР телеканалына. Буга чейин Нурдан Орунтаев “Асман” долбоору боюнча шаарда жаңы имараттар 1 же 1,5 жылдын ичинде пайда болорун божомолдогон. Орунтаев бул узак мөөнөттүү долбоор, качан бүтөрүн айтуу мүмкүн эместигин, баштапкы план боюнча, алгач ондогон имарат куруларын кошумчалаган.Муфтият маркумдун сөөгүн жерге берүү боюнча жаңы фатва чыгарды. Ага ылайык, үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык жана ашта мал союп, элге тамак-аш берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ысырапкорчулук болбошу үчүн "ак кийди", "көк кийди", "жыртыш" таратууга да болбойт. Маркумдун үйүнөн үч күн ичинде мал союлуп, казан асылбашы керек. Ал эми мүрзөгө жупуну белги коюп, ага маркумдун аты-жөнү, туулган, каза болгон датасын жазууга уруксат берилип, таштан, граниттен, темирден эстелик коюуга болбой турганы жазылды. Мындан тышкары, себеби жок сөөктү эки-үч күн кармоого болбой турганы, шарият боюнча жерге эртерээк берилиши керектиги айтылды. Америка менен Россиянын расмий өкүлдөрү Эр-Рияддагы жолугушууда Украинанын аймагы боюнча маселени талкуулаган эмес, максат башка болгон. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио айтканын РИА Новости анын жакында берген интервьюсунан алып жазды.Рубио АКШ Киев жана европалык союздаштары менен консультацияларды жүргүзүп жаткандыгын да айткан.Рубио маегинде Россия менен өз ара мамиле, кызматташуунун зарылдыгына токтолгон. Бирок азырынча тоскоолдуктар турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092227785_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fdf2b9af6287752df6c78473d637be55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио