https://sputnik.kg/20250121/1091556930.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледиЕАЭБ- Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттүШаарды... 21.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-21T15:00+0600
2025-01-21T15:00+0600
2025-01-21T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091556798_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2b23b00a8501754076f3df6a95c5bb86.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледиЕАЭБ- Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттүШаарды тегерете жол салуу. ЖК депутаты тыгын маселесин чечүү жолун сунуштадыАлдыда кеннеирээкЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн бир нече сунуш айтты. Анын негизгилеринин бири — шаарды тегерете жол салуу. Бул үчүн 47 чакырым жол жана 9 жаңы көпүрө салуу керек. Долбоордун наркы 110 миллион сом болору пландалууда. Мындан тышкары, ал жол чыракка карабастан оңго бурулууга уруксат берүү керектиги айтылды. "Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде жана Россияда, светофорго карабастан оңго бурулууга уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдоочулар үчүн да керек", — деди Маматалиев. Ал эми Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-январдан баштап 21 көчөнүн кесилишинде "акылдуу светофорлор" пилоттук режимде иштеп баштаарын белгиледи. Анын айтымында, алар жасалма интеллектинин жардамы менен тыгынды азайтууга салым кошот. Эске сала келсек, аталган токтомдо Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталган.
Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледи. Документке ылайык, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы токтому менен 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий- педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр белгиленди: илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом, илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн - 1350 сом. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.
Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу сегиз жаштагы кызды коюп кеткенин Патрулдук милиция билдирди. Кырсык кечээ саат 11:00 чамасында Сергей Лазо көчөсүндөгү №54 мектептин жанында болгон. Кыз ооруканага жетпей каза тапкан. 33 жаштагы Д.А. аттуу жарандын жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулуп, кырсык маалымат журналына катталды. Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө сак болууга чакырат.
Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди. Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан. "Учурда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктады. Жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөбүз", — деди Слепнев. Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.
Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледиЕАЭБ- Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттүШаарды тегерете жол салуу. ЖК депутаты тыгын маселесин чечүү жолун сунуштадыАлдыда кеннеирээкЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Бишкектеги тыгын көйгөйүн чечүү үчүн бир нече сунуш айтты. Анын негизгилеринин бири — шаарды тегерете жол салуу. Бул үчүн 47 чакырым жол жана 9 жаңы көпүрө салуу керек. Долбоордун наркы 110 миллион сом болору пландалууда. Мындан тышкары, ал жол чыракка карабастан оңго бурулууга уруксат берүү керектиги айтылды. "Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде БАЭде жана Россияда, светофорго карабастан оңго бурулууга уруксат берилет. Мындай мүмкүнчүлүк биздин айдоочулар үчүн да керек", — деди Маматалиев. Ал эми Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 25-январдан баштап 21 көчөнүн кесилишинде "акылдуу светофорлор" пилоттук режимде иштеп баштаарын белгиледи. Анын айтымында, алар жасалма интеллектинин жардамы менен тыгынды азайтууга салым кошот. Эске сала келсек, аталган токтомдо Бишкек жана Ош шаарларындагы транспорттук тыгындарды азайтуу боюнча чаралар сунушталган.Министрлер кабинети окумуштуулук даража үчүн үстөктөрдүн суммасын белгиледи. Документке ылайык, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы токтому менен 2025-жылдын 1-январынан тартып илимий, илимий- педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр белгиленди: илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом, илимдин кандидаты, философия доктору (PhD)тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн - 1350 сом. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди. Бишкекте Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу сегиз жаштагы кызды коюп кеткенин Патрулдук милиция билдирди. Кырсык кечээ саат 11:00 чамасында Сергей Лазо көчөсүндөгү №54 мектептин жанында болгон. Кыз ооруканага жетпей каза тапкан. 33 жаштагы Д.А. аттуу жарандын жүк ташуучу унаасы айып короого токтотулуп, кырсык маалымат журналына катталды. Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин сактоого, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдө сак болууга чакырат. Евразия экономикалык биримдиги менен Ирандын ортосундагы эркин соода боюнча келишим күчүнө кирүүгө даяр. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди. Ал Иран президенти Масуд Пезешкиан менен бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн консультациялык жолугушуусуна катышкан. "Учурда ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишимин күчүнө киргизүү үчүн ЕАЭБде зарыл болгон бардык процедуралар аяктады. Жакын арада бул процесс Иранда да аяктайт деп күтөбүз", — деди Слепнев. Министр соода-экономикалык кызматташуунун потенциалын толук ишке ашыруу үчүн мамлекеттер аралык деңгээлде гана эмес, ишкерлердин ортосундагы байланыштарды чыңдап да көмөктөшүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле бизнес-өкүлдөрдү келишимди ишке ашырууга активдүү катышууга жана Ирандын ЕАЭБдеги байкоочу статусун эске алуу менен түзүлгөн механизмдердин алкагында иштөөгө чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091556798_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_314331d1fe5c30d367ce00b1c04925fc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио