https://sputnik.kg/20250121/1091561741.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Бул туурасында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Sputnik агенттигине берген... 21.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-21T17:00+0600
2025-01-21T17:00+0600
2025-01-21T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091561609_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_612a6e3b6719b0436ace5b657eadd4ed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Бул туурасында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Sputnik агенттигине берген интервьюсунда айтты.Ал инвестиция тартуу эки тараптуу, экономика, финансы жана тышкы иштер министрлеринин, мамлекет менен өкмөт башчылардын жолугушууларындагы башкы тема экендигин белгиледи."Эгерде соода алаканы алсак, Кытайды эсептебегенде Россия тышкы соода жүгүртүүнүн 70 пайызын ээлейт. Экономика темасы, жагымдуу шарттарды түзүү акырындык менен өргө бара жатат", — деди Сариев. Ал Кыргызстанда кыргыз-орус биргелешкен 50гө чукул ишкана ачылганын, тараптар эми көбүрөөк технологиялык продукцияларга өтө аларын айтты.Сариевдин айтымында, Кыргызстанда энергетика тармагына инвестиция тартуу өтө чоң мааниге ээ. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өлкөдөгү тигилген кийим-кечектин 90 пайызы Россияга экспорттолорун белгиледи.
“Электр станциялары” ачык акционердик коому Кара-Көлдөн Бишкекке көчөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Салават Садыракунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Бүгүн ЖМКлардын бири “Электр станциялары” ААКнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен компаниянын Бишкекке кайтып келгенин жазган. Эске салсак, 2023-жылдын июль айында өлкөнүн электр жана жылуулук энергиясынын негизги өндүрүүчүсү болгон компаниянын борбордук аппараты Бишкектен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына көчүрүлгөн. Анда “Электр станциялары” ААКнын администрациясынын жана борбордук аппаратынын эмгек жамааты которууга каршы болуп, президентке, Энергетика министрлигине, Жогорку Кеңештин фракцияларына жана депутаттык топторго ачык кат даярдашкан. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына да жөнөтүлгөн. Кайрылууга 183 адам кол койгон.
Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал кыргыз койлору менен гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу аркылуу алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат. "Министрлик Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорду апробациядан өткөрүү үчүн түштүк облустарга комиссия жөнөттү", — деп айтылат маалыматта.Комиссия ар бир фермердик чарбадагы койлорду изилдеп, "Ала-Тоо" породасынын башка түрлөрдөн айырмачылыктарын баалайт.
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу, түрк күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айболот Аманов жана Бахтияр Мирлан уулуна мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи. "Сиздер профессионализм, тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз", - деди ал.
Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Бул туурасында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Sputnik агенттигине берген интервьюсунда айтты.Ал инвестиция тартуу эки тараптуу, экономика, финансы жана тышкы иштер министрлеринин, мамлекет менен өкмөт башчылардын жолугушууларындагы башкы тема экендигин белгиледи."Эгерде соода алаканы алсак, Кытайды эсептебегенде Россия тышкы соода жүгүртүүнүн 70 пайызын ээлейт. Экономика темасы, жагымдуу шарттарды түзүү акырындык менен өргө бара жатат", — деди Сариев. Ал Кыргызстанда кыргыз-орус биргелешкен 50гө чукул ишкана ачылганын, тараптар эми көбүрөөк технологиялык продукцияларга өтө аларын айтты.Сариевдин айтымында, Кыргызстанда энергетика тармагына инвестиция тартуу өтө чоң мааниге ээ. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өлкөдөгү тигилген кийим-кечектин 90 пайызы Россияга экспорттолорун белгиледи. “Электр станциялары” ачык акционердик коому Кара-Көлдөн Бишкекке көчөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Салават Садыракунов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Бүгүн ЖМКлардын бири “Электр станциялары” ААКнын маалымат кызматына шилтеме берүү менен компаниянын Бишкекке кайтып келгенин жазган. Эске салсак, 2023-жылдын июль айында өлкөнүн электр жана жылуулук энергиясынын негизги өндүрүүчүсү болгон компаниянын борбордук аппараты Бишкектен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарына көчүрүлгөн. Анда “Электр станциялары” ААКнын администрациясынын жана борбордук аппаратынын эмгек жамааты которууга каршы болуп, президентке, Энергетика министрлигине, Жогорку Кеңештин фракцияларына жана депутаттык топторго ачык кат даярдашкан. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарына да жөнөтүлгөн. Кайрылууга 183 адам кол койгон. Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал кыргыз койлору менен гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу аркылуу алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат. "Министрлик Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорду апробациядан өткөрүү үчүн түштүк облустарга комиссия жөнөттү", — деп айтылат маалыматта.Комиссия ар бир фермердик чарбадагы койлорду изилдеп, "Ала-Тоо" породасынын башка түрлөрдөн айырмачылыктарын баалайт.Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Мунарбек Сейитбек уулу, түрк күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Айболот Аманов жана Бахтияр Мирлан уулуна мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ведомстводон маалымдашкандай, министр алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча жетишкендиктерин белгиледи. "Сиздер профессионализм, тартип жана туруктуулук аркылуу улуу максаттарга жетүүгө болот экенин көрсөттүңүздөр. Сиздердин жаштарга үлгү катары алдыга жылууга жана жаңы бийиктиктерди багындырууга түрткү бересиздер. Биз кыргыз спортун мындан ары да бекемдеп, бизди жаңы жеңиштер менен кубантасыздар ишенебиз", - деди ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091561609_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_68a239373cf2034091b97de78e2efaa4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио