00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар курман болгондугуна байланыштуу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. “Түркиянын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Кеминде көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайткан күн электр станциясы салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бүгүн кытайлык инвесторлордун жардамы менен ишке ашып жаткан курулушка капсула салды."Калкыбыздын саны 7 миллиондон ашты, жаңы ири ишканалар ишке киргизилип, электр энергиясына болгон муктаждык өсүүдө. Ошондуктан күн нурун пайдалануу менен таза энергия дүйнөсүнө жол ачып, күн электр станциясын курууну баштайбыз", — деген төрага. Станция жылына 155 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Мындан тышкары, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну 140 миң тоннага жана көмүргө болгон керектөөнү 50 миң тоннага азайтат. Станцияны курууда 500гө жакын жумушчу орду түзүлмөкчү.
2025-жылдын 22-январында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапары менен Россияга барат. Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, Кулубаев Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен барат. Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү өтүп, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелери талкууланат.
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ири мамлекеттер акырындык менен бир тараптуу санкциялардан баш тартышы керектигин айтты. Ал Sputnik агенттигиндеги интервьюсунда жогоруда айтылган чектөөлөр бардык эл аралык келишимдерди тушап, алардын аткарылышына тоскоол болуп жатканын белгиледи.Мындан улам чоң-чоң өлкөлөр бир чечимге келиши керектигин белгиледи. "Акыр-аягы ири мамлекеттер бир жактуу санкциялардан баш тартышы керек деп ойлойм. Алар компанияларды эле жүдөтпөстөн, ири алдыда ошол өлкөдө жашап жаткан элдин кызыкчылыктарына залал келтирип жатат. Товарды ташып келүүнү, логистиканы, бааны өзгөртүп, жеткиликтүүлүктү начарлатып жибергендиктен соода менен алектенген ишкерлерге да түйшүк жаратууда", — деп түшүндүрдү Сариев. Жетекчинин айтымында, эксперттердин көбү санкциялар жарым-жартылай токтотулса инвестиция жаатында, анын ичинде Россиянын экономикасында секирик болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0