https://sputnik.kg/20250121/sadyr-zhaparov-din-miyzam-1091564714.html
Президент дин боюнча мыйзамга кол коюп, үймө-үй кыдырууну иреттөөнү тапшырды
Президент дин боюнча мыйзамга кол коюп, үймө-үй кыдырууну иреттөөнү тапшырды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров динге байланыштуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. 21.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-21T18:28+0600
2025-01-21T18:28+0600
2025-01-22T09:17+0600
кыргызстан
садыр жапаров
дин
мыйзам
даават
агым
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091563174_0:74:2048:1226_1920x0_80_0_0_e2dae2647c4343af9ef582685931b2b0.jpg
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров динге байланыштуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.Анда ал бул мыйзамдан бир гана үймө-үй кыдыруу маселеси коомдо кызуу талкууларды жаратканын белгилеп, мунун эрежелерин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.Ал ошондой эле бул маселеде жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары караганын билдирген. Анткени радикалдар туура эмес агымга үндөгөн баракчаларды, китептерди тараткан учурлар катталууда.Мындан тышкары, өлкө башчы алакандай кыргыз 33 агымга бөлүнүп кеткенин айтып, тизмектеди. Жапаров алардын ичинде экстремисттик топтор жана сот тарабынан тыюу салынбаган агымдар да бар экенин айтып, алар дагы үймө-үй кыдырып катарын кеңейтип жатканын кошумчалаган.Эске салсак, Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору 26-декабрда жактырылган. Аталган документтер диний чөйрөнү иретке келтирүү максатын көздөйт.
https://sputnik.kg/20241007/kyrgyzstan-koopsuzduk-diniy-myzam-1089278284.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/15/1091563174_158:0:1891:1300_1920x0_80_0_0_7f365e172d79ea356754624582a41af0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, дин, мыйзам, даават, агым
кыргызстан, садыр жапаров, дин, мыйзам, даават, агым
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Садыр Жапаров динге байланыштуу мыйзамдарга кол койду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Анда ал бул мыйзамдан бир гана үймө-үй кыдыруу маселеси коомдо кызуу талкууларды жаратканын белгилеп, мунун эрежелерин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
"Дааватка эч ким каршы эмес. Андан эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде, той-аштарда, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерлерде, базарларда айткыла, кийин кыдыруу аркылуу да айткыла. Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок. Эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер азыр "Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун" десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бул маселеде жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары караганын билдирген. Анткени радикалдар туура эмес агымга үндөгөн баракчаларды, китептерди тараткан учурлар катталууда.
Мындан тышкары, өлкө башчы алакандай кыргыз 33 агымга бөлүнүп кеткенин айтып, тизмектеди. Жапаров алардын ичинде экстремисттик топтор жана сот тарабынан тыюу салынбаган агымдар да бар экенин айтып, алар дагы үймө-үй кыдырып катарын кеңейтип жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору 26-декабрда жактырылган. Аталган документтер диний чөйрөнү
иретке келтирүү максатын көздөйт.
7 Тогуздун айы 2024, 19:06