https://sputnik.kg/20250122/1091583917.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда толук түшүнүшүү бар, эки өлкөнүн чечилбей турган маселеси жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвага... 22.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-22T17:00+0600
2025-01-22T17:00+0600
2025-01-22T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091583785_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_35e797fa0eef08e65f802fc1eab97c21.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда толук түшүнүшүү бар, эки өлкөнүн чечилбей турган маселеси жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвага жасаган иш сапарынын алкагында билдирди. Ал өткөн жылы эле өлкө башчысы Садыр Жапаров Россияга беш жолу, министрлер кабинетинин төрагасы алты, Жогорку Кеңештин төрагасы үч ирет барганын белгиледи. Кулубаев бул нерсе ортодогу саясий диалог канчалык жакшы жүрүп жатканынан кабар берерин билдирди. "Биз көптөгөн негизги маселелер боюнча жалпы позицияны карманабыз жана эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында бири-бирибиздин демилгелерибизди колдойбуз. Мунун баары БУУнун, ЖККУнун, ЕАЭБдин, ШКУнун, Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча жыйындын, "Борбор Азия жана Россия" диалогдук платформасынын алкагында ишке ашып келет", — деди Кулубаев. Тышкы саясат ведомствосунун башчысы быйыл ЖККУга, андан кийин ШКУга төрагалык кылуунун Кыргызстанга өтүшү Россия менен көп жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды."өлкөдө газ өндүрүшү жок болгондуктан импорттойбуз. Бирок башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баа төмөн. Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения газды Азербайжан жана Россиядан алганы менен тарифтери биздикинен эки эсе жогору. Бизде минималдуу тарифтер коюлгандыктан, 2014-жылдан бери алганда, былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык", — деди Алдаяров.
Бишкектин 109 мектебине жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Азамат Токтоналиев билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатат, калгандары жакында ишке кирет. "Эгерде окуу жайга террористтер, мурда соттолгондор же мектепке тиешеси жок адамдар кирсе, анда камералардын жардамы менен маалымат бизге автоматтык түрдө келип турат", — деди Токтоналиев. Ал Бишкек шаарында 109 мектеп бар экенин, административдик-аймактык реформадан кийин дагы 18 мектеп кошулганын, аларды камера менен жабдууга 19,2 миллион сом керек экенин кошумчалады.
АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Москва — Киев чатагын 100 күн ичинде чечүү боюнча тапшырма берди. Бул туурасында РИА Новости Уолл-Стрит Жорнэл басылмасына таянып жазды. "Президент Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Украинадагы согушту жүз күндүн ичинде жөнгө салууга тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта. Макалада муну менен катар эле чындыгында эч ким Келлогг муну жасай алат деп ойлобой турганы айтылган. Гезиттин маалыматына таянсак, америкалык жаңы лидер Украина боюнча сүйлөшүүлөр процессин жеке өзү көзөмөлдөөгө ниеттенип жатат.
Кыргызстан менен Россиянын ортосунда толук түшүнүшүү бар, эки өлкөнүн чечилбей турган маселеси жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвага жасаган иш сапарынын алкагында билдирди. Ал өткөн жылы эле өлкө башчысы Садыр Жапаров Россияга беш жолу, министрлер кабинетинин төрагасы алты, Жогорку Кеңештин төрагасы үч ирет барганын белгиледи. Кулубаев бул нерсе ортодогу саясий диалог канчалык жакшы жүрүп жатканынан кабар берерин билдирди. "Биз көптөгөн негизги маселелер боюнча жалпы позицияны карманабыз жана эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында бири-бирибиздин демилгелерибизди колдойбуз. Мунун баары БУУнун, ЖККУнун, ЕАЭБдин, ШКУнун, Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча жыйындын, "Борбор Азия жана Россия" диалогдук платформасынын алкагында ишке ашып келет", — деди Кулубаев. Тышкы саясат ведомствосунун башчысы быйыл ЖККУга, андан кийин ШКУга төрагалык кылуунун Кыргызстанга өтүшү Россия менен көп жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын кошумчалады.Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды."өлкөдө газ өндүрүшү жок болгондуктан импорттойбуз. Бирок башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баа төмөн. Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения газды Азербайжан жана Россиядан алганы менен тарифтери биздикинен эки эсе жогору. Бизде минималдуу тарифтер коюлгандыктан, 2014-жылдан бери алганда, былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык", — деди Алдаяров. Бишкектин 109 мектебине жүздү таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Азамат Токтоналиев билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк мектептерде камералар иштеп жатат, калгандары жакында ишке кирет. "Эгерде окуу жайга террористтер, мурда соттолгондор же мектепке тиешеси жок адамдар кирсе, анда камералардын жардамы менен маалымат бизге автоматтык түрдө келип турат", — деди Токтоналиев. Ал Бишкек шаарында 109 мектеп бар экенин, административдик-аймактык реформадан кийин дагы 18 мектеп кошулганын, аларды камера менен жабдууга 19,2 миллион сом керек экенин кошумчалады.АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Москва — Киев чатагын 100 күн ичинде чечүү боюнча тапшырма берди. Бул туурасында РИА Новости Уолл-Стрит Жорнэл басылмасына таянып жазды. "Президент Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Украинадагы согушту жүз күндүн ичинде жөнгө салууга тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта. Макалада муну менен катар эле чындыгында эч ким Келлогг муну жасай алат деп ойлобой турганы айтылган. Гезиттин маалыматына таянсак, америкалык жаңы лидер Украина боюнча сүйлөшүүлөр процессин жеке өзү көзөмөлдөөгө ниеттенип жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/16/1091583785_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ac7bb95ef14e82c3d10d0b516480f1df.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио