00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:05
48 мин
On air
18:54
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Каниметов: өрт коопсуздугун сактабагандар айыпка жыгылат

© Sputnik / Арууке АмирдиноваӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2025
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов кышында өрт эмне себептен көп катталарын айтып берди.
Өлкөдө былтыр өрт кырсыгы 2023-жылга салыштырмалуу аз катталды. Бирок өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны өскөнүн Айбек Каниметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Каниметов: өрт коопсуздугун сактабагандар айыпка жыгылат
Анын айтымында, 2024-жылы өрт мамлекеттик бюджетке 886 миллион сомдон ашык чыгым алып келген.
"Кыш мезгилинде өрт кырсыктары көп катталат. Мындан улам жылытуу мезгили башталганда эле өрт кырсыктарын алдын алуу үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эрежелерин жайылтууга аракет кылабыз. Кышында өрт кырсыктары электр жабдууларын кароосуз калтыруу же тиричилик техникаларын, мештерди туура эмес пайдалануудан келип чыгат. Көбүнчө турак жайларда катталып, электр жабдууларынан келип чыккан өрт 64 пайызды түзөт. Тилсиз жоонун кесепетинен каза болгондор дагы бар. Былтыр жалпы 47 адам көз жумган, анын жетөөсү балдар эле. Ошондуктан жарандар биздин айткандарыбызга кайдыгер карабашы керек. Биз электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздугун сактоону дайыма түшүндүрүп келебиз. Негизи муздаткычтан башка тиричилик буюмдары 24 саат бою электрге сайылып турбаш керек. Үйдөн чыгып жатканда бардык тиричилик буюмдары, электр жарыгы өчүрүлгөнүн текшерүү абзел. Анткени электр зымдарынын чыңалуусу да өрттүн тутанышына алып келет. Ошондой эле соода борборлорунда, базарларда өрт коопсуздугун сактоону түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Эреже боюнча, объектиде өрттү өчүрүүчү жана маалымдоочу каражаттардын болушу шарт. Бул адамдарга өз убагында эвакуацияланууга жардам берет", — деди Каниметов.
Ал ошондой эле, мыйзамга ылайык, өрт коопсуздугун сактабаган жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айып салынарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0