https://sputnik.kg/20250129/ukraina-zhmklary-akshnyn-karzhysynan-koz-karandy-1091721260.html
Украина ЖМКларынын 90%ы АКШнын каржысынан көз каранды
Украина ЖМКларынын 90%ы АКШнын каржысынан көз каранды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Украиналык он ЖМКнын тогузу гранттын эсебинен күн көрүп келген. Бул тууралуу өлкөнүн Массалык маалымат институтунун директору Оксана... 29.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-29T17:28+0600
2025-01-29T17:28+0600
2025-01-29T17:30+0600
дүйнөдө
украина
медиа
жмк
жардам
колдоо
акш
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1d/1091721106_0:221:2857:1828_1920x0_80_0_0_ecb0f09c348e3a15d17f4bb9065ccb94.jpg
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Украиналык он ЖМКнын тогузу гранттын эсебинен күн көрүп келген. Бул тууралуу өлкөнүн Массалык маалымат институтунун директору Оксана Романюк америкалык жардамдын токтотулушунун медиарынокко тийгизген таасири тууралуу айтып жатып билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөргө жардам берүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара колдоо көрсөтүү боюнча программалардын АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо үчүн көрүлүүдө.Ал регионалдык ЖМКлар жарнамадан 3-10 пайыздын деңгээлинде киреше көрөрүн, бул суммага жашоо дээрлик мүмкүн эместигин кошумчалаган. Романюк мындан улам ЖМК аркылуу "бийликти көзөмөлдөө" начарлап, "медиамейкиндик монополизацияга дуушар болот" деп кооптонуп жатканын билдирген."Буга чейин медиамейкиндикти олигархтар көзөмөлдөп келген. Беш ири олигархыбыз бар болчу, анын баары жок болду. Медиа алсызданып турган азыркы кезде бирөө-жарым абалдан пайдаланып, бул мейкиндикти ээлеп, аны тескеп, кандайдыр бир таасир этүүчү куралга айландырып алышы ыктымал", — деген божомолун айтты.
https://sputnik.kg/20250129/aksh-kievge-askerdik-zhana-ehkonomikalyk-koldoosun-toktottu-1091714301.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/1d/1091721106_64:0:2795:2048_1920x0_80_0_0_b4e49ba50db65b81e9d9e16ca6dfcf37.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, медиа, жмк, жардам, колдоо, акш
дүйнөдө, украина, медиа, жмк, жардам, колдоо, акш
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Украиналык он ЖМКнын тогузу гранттын эсебинен күн көрүп келген. Бул тууралуу өлкөнүн Массалык маалымат институтунун директору Оксана Романюк америкалык жардамдын токтотулушунун медиарынокко тийгизген таасири тууралуу айтып жатып билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ак үй АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөргө жардам берүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Мындай чара колдоо көрсөтүү боюнча программалардын АКШнын тышкы саясатына туура келер-келбесин талдоо үчүн көрүлүүдө.
"Тилекке каршы, украин медиаларынын 90 пайызы гранттын эсебинен жашап келген. Аскердик жаңжалдын биринчи жылында эле жарнама рыногу дээрлик 92 пайызга түшүп, калыбына келе алган жок", — деген Романюк.
Ал регионалдык ЖМКлар жарнамадан 3-10 пайыздын деңгээлинде киреше көрөрүн, бул суммага жашоо дээрлик мүмкүн эместигин кошумчалаган. Романюк мындан улам ЖМК аркылуу "бийликти көзөмөлдөө" начарлап, "медиамейкиндик монополизацияга дуушар болот" деп кооптонуп жатканын билдирген.
"Буга чейин медиамейкиндикти олигархтар көзөмөлдөп келген. Беш ири олигархыбыз бар болчу, анын баары жок болду. Медиа алсызданып турган азыркы кезде бирөө-жарым абалдан пайдаланып, бул мейкиндикти ээлеп, аны тескеп, кандайдыр бир таасир этүүчү куралга айландырып алышы ыктымал", — деген божомолун айтты.