https://sputnik.kg/20250202/-zelenskij-trampka-zholukkandan-kijin-rossiya-menen-sujloshuu-nietin-bildirdi-1091793942.html
Зеленский: АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүнү баштасак дейм
Зеленский: АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүнү баштасак дейм
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу... 02.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-02T13:25+0600
2025-02-02T13:25+0600
2025-02-03T12:39+0600
дүйнөдө
россия
украина
акш
атайын операция
сүйлөшүүлөр
владимир путин
владимир зеленский
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091804869_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_0e7664d6d9423b8c40fbc769f6d40c99.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан.Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты.Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде.Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.Мындан тышкары, АКШ лидери киев режиминин башчысы макулдашууга даяр экенин белгилеп, бирок кандай шартта макул болорун ачыктаган эмес.Эскерте кетке, РФ лидери Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу аракеттери узак убакытка тынчтык орнотуу максатын көздөшү керектигин белгилеген. Анын айтымында, Москва мындан ары да Россия элинин кызыкчылыгын коргоону улантат, атайын операциянын мааниси да ушунда.Өлкө башчы эгер компромисстик чечимге келүү каалоосу болсо, сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да жүргүзө берүүгө болорун билдирген. РФ лидеринин айтымында, маселе акыркы документтерге кол коюуда жатат: учурда мөөнөтү аяктагандыктан Зеленскийдин документтерге кол коюуга укугу жок.Путин Киевди сүйлөшүүлөргө тыюу салуу боюнча жарлыкты жокко чыгара турган ыкма табууга чакырган. Муну, РФ лидеринин айтымында, Раданын төрагасы жасай алат. Ал эми Зеленский сүйлөшүүлөргө катышууну кааласа, Путин бул үчүн атайын адамдарды бөлүп бермекчи.
https://sputnik.kg/20250201/tramptyn-okulu-ukraina-zhanzhal-toktotuu-1091781161.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091804869_142:0:2874:2048_1920x0_80_0_0_dbe54de1f8bdffe19eda1cc7baca20a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, сүйлөшүүлөр, владимир путин, владимир зеленский
дүйнөдө, россия, украина, акш, атайын операция, сүйлөшүүлөр, владимир путин, владимир зеленский
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын
РИА Новости жазды.
"Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский.
Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан.
Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты.
Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде.
Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.
Мындан тышкары, АКШ лидери киев режиминин башчысы макулдашууга даяр экенин белгилеп, бирок кандай шартта макул болорун ачыктаган эмес.
Эскерте кетке, РФ лидери Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу аракеттери узак убакытка тынчтык орнотуу максатын көздөшү керектигин
белгилеген. Анын айтымында, Москва мындан ары да Россия элинин кызыкчылыгын коргоону улантат, атайын операциянын мааниси да ушунда.
Өлкө башчы эгер компромисстик чечимге келүү каалоосу болсо, сүйлөшүүлөрдү ким менен болсо да жүргүзө берүүгө болорун билдирген. РФ лидеринин айтымында, маселе акыркы документтерге кол коюуда жатат: учурда мөөнөтү аяктагандыктан Зеленскийдин документтерге кол коюуга укугу жок.
Путин Киевди сүйлөшүүлөргө тыюу салуу боюнча жарлыкты жокко чыгара турган ыкма табууга чакырган. Муну, РФ лидеринин айтымында, Раданын төрагасы жасай алат. Ал эми Зеленский сүйлөшүүлөргө катышууну кааласа, Путин бул үчүн атайын адамдарды бөлүп бермекчи.