https://sputnik.kg/20250202/1091796819.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын... 02.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-02T15:00+0600
2025-02-02T15:00+0600
2025-02-02T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/02/1091796687_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f75ae31175208f9432a835883157d12.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын билдирди. Министрликтен маалымдашкандай, чет өлкөлөргө бодо мал, майда жандык жана жылкы экспорттоо 31-январдан баштап токтотулган. Ал эми 31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктап, ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат. Тыюу алынганда министрлик бул тууралуу кабарлай турганын кошумчалаган. Мал экспортуна тыюу салуу боюнча суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертишти.
Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган. “2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.
Эсеп палатасынын инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Эсептөө палатасынын инспектору 5 миң доллар пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармаган. Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан бери Эсептөө палатасынын инспекторлору Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Инспекторлор тобунун жетекчиси мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгарам деп 5 миң доллар пара талап кылган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский. Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан. Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты. Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде. Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын билдирди. Министрликтен маалымдашкандай, чет өлкөлөргө бодо мал, майда жандык жана жылкы экспорттоо 31-январдан баштап токтотулган. Ал эми 31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктап, ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат. Тыюу алынганда министрлик бул тууралуу кабарлай турганын кошумчалаган. Мал экспортуна тыюу салуу боюнча суроолор болсо 0312 66 04 06 номерине кайрылууну эскертишти.Кыргызстандын картошкасын тонналап алган Өзбекстан импорттон баш тартууну ниет кылууда Бейшемби күнү Шавкат Мирзиёев катышкан жыйында картошканын жогорку түшүмдүү сортторун өстүрүүгө өтүү талкууланган. “2027-жылдан тарта картошкага болгон муктаждык ички ресурстардын эсебинен жабылат”, — деп билдирген Өзбекстандын маалымат кызматы. Өткөн жылдын 11 айында Кыргызстандан 68,2 миң тонна картошка экспорттолсо, анын 57,8 миңин Өзбекстан сатып алган.Эсеп палатасынын инспектору 5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, атайын кызмат буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Эсептөө палатасынын инспектору 5 миң доллар пара талап кылып, аны алып жаткан жеринен кармаган. Тактап айтканда, 2024-жылдын 6-декабрынан бери Эсептөө палатасынын инспекторлору Ош шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Инспекторлор тобунун жетекчиси мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринде текшерүүнүн мөөнөтүн негизсиз создуктуруп, укукка каршы иш-аракеттер аркылуу, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң чечим чыгарам деп 5 миң доллар пара талап кылган. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трампка жолуккандан кийин Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо ниетин билдирди. Бул тууралуу ал AP агенттигине маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин россиялыктар менен талкуунун кайсы бир форматына өтүү керек. Мен АКШ, Украина жана россиялыктар болуп сүйлөшүүгө отуруубузду каалайт элем", — деген Зеленский. Киев режиминин башчысы Киев Ак үй менен байланышта экенин, бирок сүйлөшүүлөр жалпы мүнөздө өтүп жатканын билдирип, конкреттүү макулдашууларды иштеп чыгуу үчүн жакын арада жолугушуулар өтөрүнө ишеним арткан. Ошол эле учурда Зеленский АКШнын Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлогдун Киевге сапары "юридикалык себептерден улам" жылдырылганын айтты. Украина жетекчиси Батыш мамлекеттеринин Киевге тынчтык орнотуучуларды жөнөтүү сунушу жетиштүү деңгээлде коопсуздук кепилдиги болуп бере албайт деген пикирде. Буга чейин Трамп Россия менен Украина жаңжалын токтотууну талкуулоого катуу киришкенин билдирген. Ал Владимир Путин менен сүйлөшүп, кандайдыр бир олуттуу чечимге келүүнү убадалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/02/1091796687_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fc31c3e3d63e009bca5a6aaec74f3f7e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио