00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат мал-жандыкты экспорттоого убактылуу тыюу салынганын билдирди. Министрликтен маалымдашкандай, чет өлкөлөргө бодо мал, майда жандык жана жылкы экспорттоо 31-январдан баштап токтотулган. Ал эми 31-январга чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктап, ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулат. Тыюу алынганда министрлик бул тууралуу кабарлай турганын кошумчалаган. Мал экспортуна тыюу салуу боюнча суроолор болсо кызуу байланыш номерине кайрылууну эскертишти.
Ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармакка фейк маалымат менен жарнама таратууга шектелген киши кармалганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Жарнамада ИИМдин кибербөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акчасын кайтарып берүүгө жардам берери айтылган. Кечээ, 1-февралда, аталган кылмышка шектелип эки өлкөнүн жараны болуп эсептелген 40 жаштагы киши колго түшкөн. Анын үйүнөн роутерлер, банк карталары, 90дон ашык сим-карта, сим-бокс табылганы айтылды. Учурда кармалган адамдын уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланышы, анын ичинде чет өлкөдөн каржыланышы тууралуу маалыматтар жана жабдуулар кайдан алынганы текшерилип жатат.
Нарын облусунда азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн 2-февралда Нарын облусунун беш районунда тең азык-түлүк жарманкеси уюштурулду. Анда Нарын шаарында, Ак-Талаа районунун Баетов айылында, Ат-Башы районунун Дордой мал базарында, Кочкор районунун Кочкор айылында, Жумгал районунун Чаек айылында өткөрүлгөн. Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөр түрдүү азыктарды, эт, сүт жер-жемиш, жашылчаларды сатыкка чыгарган.
Палестинаны жана анын көз карандысыздыкка болгон укугун коргоо боюнча тогуз өлкөдөн турган "Гаага тобу" түзүлдү. Бул тууралуу Боливиянын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды. "Гаагада Боливия, Белиз, Куба, Гондурас, Малайзия, Намибия, Сенегал жана Түштүк Африка Республикасынын өкмөт өкүлдөрү "Гаага тобун" негиздеп, биргелешкен декларация менен эл аралык укукту жана адилеттүүлүктү жактаган позициябызды белгилейбиз", — деп айтылат билдирүүдө. Кабыл алынган документте аталган өлкөлөр Эл аралык кылмыш сотунун сурамдарын аткарып, оккупацияланган Палестинанын аймагында жасалган оор кылмыштарга жооптуу тараптарды камакка алуу боюнча 2024-жылдын 21-ноябрында берилген ордерлерге карата Рим статусу боюнча бардык милдеттемелерди аткарары жазылган. Аталган топ бул демилгеге эл аралык коомчулукту да кошулууга чакырган./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 91 сом 81 тыйынга рубль 89 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 62 сом 40 тыйындан баштап, 63 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 70 сом 40 тыйындан 71 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 70 сом 30 тыйындан, ал эми унаа газынын литри 36 сом, 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 3-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Дүйшөмбүдө республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө +1...+6, Нарын өрөөнүндө -4...+1 градус болот. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0