00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Ленинградды курчоодон элдин ынтымагы чыгарган. Тарыхчы менен маек
15:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
18:06
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Америка өзөктүк куралдан күчтүү нерсе жасаганын жар салды

© Фото / Изображение сгенерировано ИИЖасалма интеллект. Иллюстративдик сүрөт
Жасалма интеллект. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2025
Жазылуу
Кытайлык жолдоштор жасалма интеллектинин DeepSeek версиясын иштеп чыгып, америкалык жогорку технология жаатындагы компаниялардын акцияларын түшүрүп жиберишти. Жаңы версияга болбогон акча корогон, акысыз пайдаланууга болот, коду да ачык, баарына жеткиликтүү.
Дүйнө жасалма интеллектини жакшы кабыл алды. Бирок айланасындагы ызы-чуу эмнеден улам пайда болду? Баарыбызга тиешеси болгону үчүн россиялык колумнист Виктория Никифорова тереңирээк талдап көрүүнү чечкен. Макаланы РИА Новости жарыялады.
Трамптын командасы менен ага ыктаган IT-олигархтардын жасалма интеллект тармагына жарым триллион долларлык акча салынганын айтканына бир жума боло элек. Жалпыбызга бул "Манхэттен долбоорунан" да, башкача айтканда, өзөктүк бомба чыгаргандан да кубаттуу нерсе экенин айтышты.
ЖИ боюнча айтылган сөз да көп болду. Адамдын ордуна баарын жасалма интеллект аткарып, биз жөн гана "уктап, тамак ичип, тукум улап эле" каларыбыз да божомолдонду. ЖИ баарыбызды жок кылып жиберет, мындан улам ар ким өзүнүн жасалма интеллектин түзүп чыгышы керек деген да кооптуу кептер жаңырган. Демилгенин АКШ үчүн экономикалык пайдасы тууралуу гана эч ким үн каткан жок.
Жасалма интеллект келечекте эмнеге кептей турганын эч ким билбейт. Бирок анын жалпыга таралашынын бир кесепети айдан ачык. Эксперимент жүргүзүп, бул тууралуу жасалма интеллектинин каалаган моделине суроо салып көрөлү. Ал "Жасалма интеллектинин өсүп-өнүгүшү электр энергиясына суроо-талаптын кескин жогорулашын шарттайт, бул бир катар мамлекеттердин жана ири технологиялык компаниялардын энергетикалык өнүгүү боюнча пландарына кооптуулук жаратышы мүмкүн. Электр энергиясын кымбаттатып, тариф өсүшүн шартташы ыктымал" деп жооп берет.
Америкалыктар муну жашырбайт деле. OpenAI башчысы Сэм Альтман ЖИ индустриясынын өнүгүшү менен электр кубаттуулугу тартыш болуп, адамзат термоөзөктүк энергиясыз жашай албай каларын айткан. Morgan Stanley жасалма интеллект ушул ыргагы менен кете берсе электр энергиясын керектөө жылына 70 пайызга жогорулап турарын билдирген.
Демек, жасалма интеллект — бул АКШдан тышкары жердин баарында энергетикалык таңсыктыкты жарата турган нерсе.
Мындан өнүгүп келе жаткан мамлекеттер катуураак жабыркай турганы айтылууда. "Мышыктын сүрөтүн тартып берчи" деген болор-болбос өтүнүч канча деген мамлекетти электрсиз калтырып коюшу мүмкүн. АКШнын бутуна туруп калган өнөктөштөрү деле жыргап кетпейт сыяктуу.
Акыркы чейрек кылым ичинде америкалыктар дүйнө жүзүнүн башын бир топ эле айлантты. Атаандаштарын жашыл экономикага өтүүгө мажбурлап, коркутуу, опуза менен Европадагы АЭСтерди жабууга түртүп, "Түндүк агымдарды" жардырып келди. Ошол эле учурда шилекейи аккыча ынтымак тууралуу сүйлөп, Украинадагы демократия үчүн жана Арктикадагы мөңгүлөрдүн эришине каршы күрөшүүгө үндөөдө.
Мындай кадамдардын бир эле максаты бар — атаандаш өлкөлөрдө электр энергиясынын баасын жасалма жогорулатуу. Америкалык өнөр жай артыкчылыктуу болушу үчүн атаандаш мамлекеттерде электр кубаты өтө эле кымбат болушу керек.
Баарыбызды жасалма интеллектинин адамзат жашоосуна сүңгүп кирип кетери ойлондурууда. Бирок бир нерсе көз жаздымда калып келет.
Өнөр жайга сарпталчу электр энергиясынын баасы үчүн америкалыктар ондогон жылдар бою европалыктар менен кармашып келген. Батыш өлкөлөрүндө завод-фабрикалардын электр энергиясы менен камсыздалышы мамлекеттин мойнунда, Россиядагыдан айырмаланып менчик чарбалар буга кирбейт.
Жашыл жашоого өткөрүү жана украиналык жаңжалдан америкалыктар жакшы акча табышты — Германияда өнөр жай үчүн электр энергиясы Техастагы электр кубатынан 12 эсе кымбат болду. Байден президент болуп турган төрт жылда Американын байлары 1,5 триллион доллар табышкан.
Ак үй эми күн тартибинен жашыл жашоону алып, украин жаңжалын токтотууга белсенди да, энергетика таңсыктыгынын жаңы планы — жасалма интеллектини алып чыкты. Индустриядагы серверлерди иштетүү, өнүктүрүү жана муздатуу системалары укмуштуудай көп электр энергиясын талап кылат.
Америка экономикасы мындан кандай пайда көрөт? Электроэнергиянын жасалма дефицити баага таасир этет, демек, атаандаштардын товарлары атаандаштыкка туруштук бере албай калат. АКШ азыр катуу киришкен криптовалюта майнинги үчүн да электр энергиясынын арзан болгону абдан маанилүү.
Социалдык жактан алып карасак, жарыктын өчүрүлүшү жана тарифтин көтөрүлүшү элдин нааразычылыгын жаратат, төңкөрүштөрдү шарттайт, Шри-Ланканын эли дал ушул блэкауттан тажап өкмөтүн алып түшкөн. Электр энергиясы тартыш болгон мамлекеттер үчүн ЖИ чыныгы апаатка айланышы мүмкүн, демек, ал жерде керектүү убакытта америкалык элчи пайда болот да, таасир этчү рычагдарды өз колуна алат. Бүтүндөй региондор артка кетип, ити чөп жегендердин жылдызы ого бетер жанмакчы.
"Манхэттен долбоору" бул жакта эле калыптырбы?
Жасалма интеллектини өнүктүрүүдөн баш тартуу керекпи? Эгер өлкөдө энергетиканын абалы жакшы болсо баш тартуунун кажети жок, электр энергиясына баа катуу көзөмөлдөнсө ЖИ кызыктуу жана кирешелүү тармакка айланат. Кытайлыктар муну тастыкташты. Болгону индустриянын ойлоп табылган эмес реалдуу тобокелчиликтерин эске алуу кажет.
Чынын айтайын, бул макаланы жазууда жасалма интеллект колдонулду. Сурамга жооп берүү үчүн 5 КВт пайдаланылды. Ал эми компьютер 0,1 КВт "жеди". Автор бир бутерброд жеп, шекери жок кофе ичти. Башка эч нерсе коромжу болгон жок.
Жасалма интеллект. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2025
"Касперский лабораториясы" жасалма интеллектинин алтын доору качан болорун айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0