https://sputnik.kg/20250202/tramp-salyk-kanada-meksika-kytaj-1091792365.html
Трамп Канада, Мексика жана Кытайга бажы салыгын киргизди. Үч өлкөнүн жообу
Трамп Канада, Мексика жана Кытайга бажы салыгын киргизди. Үч өлкөнүн жообу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Канада, Мексика жана Кытайдан импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгонун... 02.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-02T11:35+0600
2025-02-02T11:35+0600
2025-02-03T12:39+0600
дүйнөдө
акш
канада
мексика
кытай
салык
баңгизат
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091803583_0:0:3069:1726_1920x0_80_0_0_b25855366d0cce4e565f14cf79f026ab.jpg
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Канада, Мексика жана Кытайдан импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгонун РИА Новости CNN телеканалына шилтеме берип жазды. Маалыматта Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 10 пайыздык бажы салыгы киргизилгени айтылат.Трамп буга чейин Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан. Мындан тышкары, америкалык лидер өзүн террорчу деп жарыялаган баңгикартелдери Мексика бийлиги менен жакшы мамиледе экенин жана бул нерсе АКШнын коопсуздугу менен элинин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.Аткезчиликке айыпталган өлкөлөр жооп кайтарышты. Биринчилерден болуп Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава дагы АКШдан импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы салыгын киргизгенин жар салды.Трюдо, мындан тышкары, канадалык компанияларга башка өнөктөштөрдү табууга 21 күн убакыт берип, андан кийин 125 миллиард долларлык америкалык товарларга кошумча бажы салыгы киргизилерин белгиледи.Ал эми Кытай Трамптын жарлыгына нааразычылыгын билдирип, Пекин Дүйнөлүк соода уюмуна даттанарын, тиешелүү жооп кайтарарын айтты. Пекин Вашингтонду катасын оңдоп Кытай менен тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана сый-урматка негизделген мамилеге келүүгө чакырды.Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум өз кезегинде "тарифтик жана тарифтик эмес" чараларды колдонорун айтты. Ал АКШ президентинин Мексика бийлиги кылмыштуу топтор менен кызматташат деген кебин четке какты.
https://sputnik.kg/20250129/aksh-kievge-askerdik-zhana-ehkonomikalyk-koldoosun-toktottu-1091714301.html
акш
канада
мексика
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091803583_181:0:2912:2048_1920x0_80_0_0_92a76954ea77d6743fae8dc1d15c2259.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, канада, мексика, кытай, салык, баңгизат
дүйнөдө, акш, канада, мексика, кытай, салык, баңгизат
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Канада, Мексика жана Кытайдан импорттолгон товарларга бажы салыгын киргизген жарлыкка кол койгонун
РИА Новости CNN телеканалына шилтеме берип жазды.
Маалыматта Мексика менен Канаданын импорттук товарларына 25 пайыздык, Кытайдын товарларына 10 пайыздык бажы салыгы киргизилгени айтылат.
Трамп буга чейин Канада АКШдагы ири баңгизат аткезчилиги үчүн жооптуу экенин, наркозат ошондой эле Мексика аркылуу да келип жатканын, аны Кытай өндүрөрүн айткан. Мындан тышкары, америкалык лидер өзүн террорчу деп жарыялаган баңгикартелдери Мексика бийлиги менен жакшы мамиледе экенин жана бул нерсе АКШнын коопсуздугу менен элинин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
Аткезчиликке айыпталган өлкөлөр жооп кайтарышты. Биринчилерден болуп Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Оттава дагы АКШдан импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы салыгын киргизгенин
жар салды.
"Канада АКШнын 155 миллиард долларлык товарына 25 пайыздык салык киргизүү менен жооп берет. Бул шейшембиден тарта 30 миллиард долларлык товарга дагы бажы төлөмдөрү киргизилет", — деген ал.
Трюдо, мындан тышкары, канадалык компанияларга башка өнөктөштөрдү табууга 21 күн убакыт берип, андан кийин 125 миллиард долларлык америкалык товарларга кошумча бажы салыгы киргизилерин белгиледи.
Ал эми Кытай Трамптын жарлыгына нааразычылыгын билдирип, Пекин Дүйнөлүк соода уюмуна даттанарын, тиешелүү жооп кайтарарын
айтты. Пекин Вашингтонду катасын оңдоп Кытай менен тең укуктуу, өз ара пайдалуу жана сый-урматка негизделген мамилеге келүүгө чакырды.
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум өз кезегинде "тарифтик жана тарифтик эмес" чараларды колдонорун айтты. Ал АКШ президентинин Мексика бийлиги кылмыштуу топтор менен кызматташат деген кебин четке какты.