https://sputnik.kg/20250203/1091818943.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат өлкөдө иштеген маркетплейстерди катталууга милдеттендирүүнү сунуштадыТрамп USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калганын билдирдиАскер... 03.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-03T17:00+0600
2025-02-03T17:00+0600
2025-02-03T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091818811_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6c6d6a088d9ceafecc562cad79be7bde.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат өлкөдө иштеген маркетплейстерди катталууга милдеттендирүүнү сунуштадыТрамп USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калганын билдирдиАскер кызматчылары жана үй-бүлөлөрү кызматтык турак жайды менчиктештире алышатАлдыда кененирээкАскер кызматчылары кызматтык турак-жайды менчиктештире алат, эгерде алардын кызмат өтөө мөөнөтү 20 жыл жана андан көп болсо. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Тастыктоочу документте, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аскер кызматчысы ээлеген кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугу аскер кызматчылары аскердик кызматтан запаска бошонгондон кийин же мыйзамда каралган негиздер боюнча пенсияга чыккандан кийин гана берилет деп айтылат. Долбоор 20 жана андан көп жылдык стажы бар азыркы кызматкерлерге турак-жайды менчиктештирүү укугун берет. Мыйзам долбоору ошондой эле 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчысы каза болгон учурда анын жакын туугандарына кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө укук берет.
Депутат Жумабек Салымбеков Кыргызстанда иштеген маркетплейстерди каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Эл өкүлү электрондук соода тармагындагы мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап, бул сапатсыз товарлар үчүн жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилеген. "Wildberries жана Ozon каттоодон өтүп, бул жакта өз филиалдарын ачышты. Кыргызстанда иштегиси келген башка эл аралык маркетплейстер да катталууга тийиш. Сапатсыз товар алгандар кимге кайрыларын билбей калышат", — деди депутат. Ошондой эле ал электрондук товар сатып алгандарга керектөөчүлөрдүн укугун коргогон органдар да жардам бере албай жатканын кошумчалаган.
2024-жылы майнинг иштетүүдөн бюджетке 53 миллион сом гана түшкөн. Мындай маалыматтар Кыргызстандын Каржы министрлигинин январдан декабрга чейинки мезгилдеги материалдарында камтылган. Бул киреше 93,7 миллион сомду түзгөн 2023-жылга салыштырмалуу 43 пайызга аз. Ошол эле учурда кирешенин азайганына карабастан, өткөн жылдын декабрь айында майнинг иштетүүгө салыктын көлөмү 6,4 миллион сомго көбөйгөн. Белгилей кетсек, Каржы министрлиги дагы жети айдын жыйынтыгы боюнча салыктын бул түрү боюнча төлөмдөр азайганын белгилеген. Август айына карата 2024-жылдын жети айында өлкөнүн бюджетине майнинг тармагынан түшкөн салыктын түшүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7 пайызга азайган. Эске сала кетсек, майнинг иштетүүдө салыктын ченеми колдонулган электр энергиясы үчүн төлөмдүн 10 пайызын түзөт. Ал ошондой эле КНС жана сатуу салыгын камтыйт.
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады. Эскерте кетсек, Трамп президенттик кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Колдоо көрсөтүлбөй калгандардын арасында Тайвань, Украина да бар. USAID уюмунун социалдык тармактагы миллион катталуучусу бар аккаунту жок болуп, агенттиктин сайты да иштебей калды. АКШ өкмөтүнүн майнаптуулугун арттыруу боюнча ведомствонун жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмунун жашыруун жайларына кире албай койгон. Ал кызматкерлердин баары азыр "административдик өргүүдө" экени айтылды.
Депутат өлкөдө иштеген маркетплейстерди катталууга милдеттендирүүнү сунуштадыТрамп USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калганын билдирдиАскер кызматчылары жана үй-бүлөлөрү кызматтык турак жайды менчиктештире алышатАлдыда кененирээкАскер кызматчылары кызматтык турак-жайды менчиктештире алат, эгерде алардын кызмат өтөө мөөнөтү 20 жыл жана андан көп болсо. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Тастыктоочу документте, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аскер кызматчысы ээлеген кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугу аскер кызматчылары аскердик кызматтан запаска бошонгондон кийин же мыйзамда каралган негиздер боюнча пенсияга чыккандан кийин гана берилет деп айтылат. Долбоор 20 жана андан көп жылдык стажы бар азыркы кызматкерлерге турак-жайды менчиктештирүү укугун берет. Мыйзам долбоору ошондой эле 20 жана андан ашык жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчысы каза болгон учурда анын жакын туугандарына кызматтык турак жайды менчиктештирүүгө укук берет.Депутат Жумабек Салымбеков Кыргызстанда иштеген маркетплейстерди каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Эл өкүлү электрондук соода тармагындагы мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап, бул сапатсыз товарлар үчүн жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилеген. "Wildberries жана Ozon каттоодон өтүп, бул жакта өз филиалдарын ачышты. Кыргызстанда иштегиси келген башка эл аралык маркетплейстер да катталууга тийиш. Сапатсыз товар алгандар кимге кайрыларын билбей калышат", — деди депутат. Ошондой эле ал электрондук товар сатып алгандарга керектөөчүлөрдүн укугун коргогон органдар да жардам бере албай жатканын кошумчалаган.2024-жылы майнинг иштетүүдөн бюджетке 53 миллион сом гана түшкөн. Мындай маалыматтар Кыргызстандын Каржы министрлигинин январдан декабрга чейинки мезгилдеги материалдарында камтылган. Бул киреше 93,7 миллион сомду түзгөн 2023-жылга салыштырмалуу 43 пайызга аз. Ошол эле учурда кирешенин азайганына карабастан, өткөн жылдын декабрь айында майнинг иштетүүгө салыктын көлөмү 6,4 миллион сомго көбөйгөн. Белгилей кетсек, Каржы министрлиги дагы жети айдын жыйынтыгы боюнча салыктын бул түрү боюнча төлөмдөр азайганын белгилеген. Август айына карата 2024-жылдын жети айында өлкөнүн бюджетине майнинг тармагынан түшкөн салыктын түшүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 29,7 пайызга азайган. Эске сала кетсек, майнинг иштетүүдө салыктын ченеми колдонулган электр энергиясы үчүн төлөмдүн 10 пайызын түзөт. Ал ошондой эле КНС жана сатуу салыгын камтыйт.АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады. Эскерте кетсек, Трамп президенттик кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Колдоо көрсөтүлбөй калгандардын арасында Тайвань, Украина да бар. USAID уюмунун социалдык тармактагы миллион катталуучусу бар аккаунту жок болуп, агенттиктин сайты да иштебей калды. АКШ өкмөтүнүн майнаптуулугун арттыруу боюнча ведомствонун жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмунун жашыруун жайларына кире албай койгон. Ал кызматкерлердин баары азыр "административдик өргүүдө" экени айтылды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091818811_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_190bd499b8d6a0c959e9e072fd11561e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио