https://sputnik.kg/20250203/tramp-akshga-sokku-urdu-1091813122.html
ЖМКлар Трамп өз чечими менен АКШга кандай сокку урганын ачыкташты
ЖМКлар Трамп өз чечими менен АКШга кандай сокку урганын ачыкташты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Канада, Мексика жана Кытайга карата салынган соода пошлиналарынан америкалыктар жапа чеге баштады... 03.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-03T14:20+0600
2025-02-03T14:20+0600
2025-02-03T14:20+0600
дүйнөдө
акш
канада
мексика
кытай
товар
пошлина
бажы
салык
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091813344_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_39682a658a335326b1135181e63715d4.jpg
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Канада, Мексика жана Кытайга карата салынган соода пошлиналарынан америкалыктар жапа чеге баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.Басылманын айтымында, Ак үй башчысынын мындай саясаты АКШ үчүн кесепеттүү болот. Материалда "Мексика менен Канадага жасалган катуу сокку" бир да мамлекет, болбосо бир да тармак мындай тагдырдан четте кала албай турганын көрсөткөнү белгиленген. Авторлор Трамптын буга окшогон кадамдары АКШнын досун да, касын да америкалык рынокко байлануунун зарылдыгы тууралуу ойлонто баштайт дешүүдө.Эскерте кетсек, өткөн жумада Трамп Канада менен Мексиканын товарларына 25 пайыздык бажы салыгын киргизген, азырынча 10 пайыздык чен менен канадалык энергоресурстар гана алынууда. Мындан тышкары, Кытайдын 10 пайыздык пошлина менен кирген товарларына дагы ушунча кошулду.
https://sputnik.kg/20250203/evropa-akshga-bazhy-salygyn-kirgizip-zhoop-bere-alat-1091810885.html
акш
канада
мексика
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091813344_165:0:2896:2048_1920x0_80_0_0_9003fa733d2e5d332dda87f91c38740d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, канада, мексика, кытай, товар, пошлина, бажы, салык
дүйнөдө, акш, канада, мексика, кытай, товар, пошлина, бажы, салык
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын Канада, Мексика жана Кытайга карата салынган соода пошлиналарынан америкалыктар жапа чеге баштады. Бул тууралуу
The Wall Street Journal жазды.
"Президент Трамп жекшемби күнү Мексика менен Канадага карата масштабдуу тарифтери "ооруксунтканы" менен акыр-аягы "алтын доорго" кептей турганын айтты. Жаркын келечек тууралуу айтканы өтө кубанычтуу, бирок зыяны жарлык күчүнө кире электе эле сезилип жатат", — деп жазылат макалада.
Басылманын айтымында, Ак үй башчысынын мындай саясаты АКШ үчүн кесепеттүү болот. Материалда "Мексика менен Канадага жасалган катуу сокку" бир да мамлекет, болбосо бир да тармак мындай тагдырдан четте кала албай турганын көрсөткөнү белгиленген. Авторлор Трамптын буга окшогон кадамдары АКШнын досун да, касын да америкалык рынокко байлануунун зарылдыгы тууралуу ойлонто баштайт дешүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн жумада Трамп Канада менен Мексиканын товарларына 25 пайыздык бажы салыгын киргизген, азырынча 10 пайыздык чен менен канадалык энергоресурстар гана алынууда. Мындан тышкары, Кытайдын 10 пайыздык пошлина менен кирген товарларына дагы ушунча кошулду.