https://sputnik.kg/20250203/usaid-akyldan-tajgan-radikaldardyn-zheteginde-kalgan-1091814524.html
Трамп: USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калган
Трамп: USAID акылдан тайган радикалдардын жетегинде калган
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул... 03.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-03T14:56+0600
2025-02-03T14:56+0600
2025-02-03T14:56+0600
дүйнөдө
акш
usaid
дональд трамп
украина
жардам
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091814981_0:0:3068:1727_1920x0_80_0_0_78d6113050eff8b5535f9f73a78cbc80.jpg
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.Эскерте кетсек, Трамп президенттик кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Колдоо көрсөтүлбөй калгандардын арасында Тайвань, Украина да бар.USAID уюмунун социалдык тармактагы миллион катталуучусу бар аккаунту жок болуп, агенттиктин сайты да иштебей калды.АКШ өкмөтүнүн майнаптуулугун арттыруу боюнча ведомствонун жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмунун жашыруун жайларына кире албай койгон. Ал кызматкерлердин баары азыр "административдик өргүүдө" экени айтылды.Маск USAID уюмун кылмыштуу топ деп атап, биротоло жоюуга мезгил келгенин жазып чыкты.
https://sputnik.kg/20250131/usaid-karzhylagan-ukrainalyk-uyumdar-ishin-toktottu-1091754529.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091814981_84:0:2815:2048_1920x0_80_0_0_a73a3ee5c7001e75d1cb8b9a76b31aa1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, usaid, дональд трамп, украина, жардам
дүйнөдө, акш, usaid, дональд трамп, украина, жардам
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) акылдан тайган радикалдар башкарып калган, биз ошолордон арылып жатабыз. Бул тууралуу өлкө башчы Дональд Трамп билдиргенин
Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.
Эскерте кетсек, Трамп президенттик кызматына киришери менен чет мамлекеттерге жардам көрсөтүүнү 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон. Колдоо көрсөтүлбөй калгандардын арасында Тайвань, Украина да бар.
USAID уюмунун социалдык тармактагы миллион катталуучусу бар аккаунту жок болуп, агенттиктин сайты да иштебей калды.
АКШ өкмөтүнүн майнаптуулугун арттыруу боюнча ведомствонун жетекчиси болуп дайындалган Илон Маск USAID уюмунун жашыруун жайларына кире албай койгон. Ал кызматкерлердин баары азыр "административдик өргүүдө" экени айтылды.
Маск USAID уюмун кылмыштуу топ деп атап, биротоло жоюуга мезгил
келгенин жазып чыкты.