https://sputnik.kg/20250203/zelenskij-akshnyn-ukrainaga-bergen-zhardamyn-bilbejt-1091802392.html
Зеленский АКШнын Украинага берген 200 млрд. долларынан кабары жок экенин айтты
Зеленский АКШнын Украинага берген 200 млрд. долларынан кабары жок экенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Украина режиминин жетекчиси Владимир Зеленский АКШ аскердик жардам катары бөлгөн 200 миллиард доллар кайда экенин билбейт. Associated... 03.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-03T09:51+0600
2025-02-03T09:51+0600
2025-02-03T10:13+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
акш
украина
владимир зеленский
колдоо
жардам
акча
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091802149_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_ca08335c9b274378e15297a0605f45c1.jpg
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Украина режиминин жетекчиси Владимир Зеленский АКШ аскердик жардам катары бөлгөн 200 миллиард доллар кайда экенин билбейт. Associated Press агенттигине маек куруп жатып Киев Вашингтондон 75 миллиард доллардан ашыгыраак акча алганын билдирди. Бул тууралуу "Известия" жазды.Анын айтымында, бөлүнгөн жардамдын жарымы да Киевге келген эмес. Ал эми АКШ "Конгресс колдоду" деп берген 177 миллиард доллар акчалай эмес, курал-жарак менен жеткирилген. Демек, Украина акча түрүндө "76 миллиарддан ашыгыраак" гана сумма алган.Зеленский АКШдан энергетика, медицина жана өткөрүү пунктуларын жаңылоо боюнча гуманитардык программаларга 300-400 миллиард доллар бөлүнүп келгенин эске салып, колдоонун жарлык менен токтотулушун жакшы түшүнө албай жатканын белгилеген. Киев режиминин жетекчиси бул сумманы "Европанын жардамы" менен же "ички ресурстун эсебинен" жаба аларын айтты, бирок мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы рекорддук чекке жетип турган маалда акчаны кайдан аларын тактаган жок.Белгилей кетсек, 20-январь күнү Ак үйдүн сайтында АКШ президенти Дональд Трамптын башка мамлекеттерди колдоо иретинде каралып келген жардамды 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыгы жарыяланган. 25-январда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Мамдепартаменттин буйругу менен чет мамлекеттерге, анын ичинде Украинага да колдоо көрсөтүү программаларын токтоткону кабарланган.Трамп өз кезегинде НАТО мамлекеттерин коргонууга кеткен чыгымды ИДПнын 5 пайызына чейин жеткирттирерин убадалады. Өлкө башчы Вашингтон Киевге 200 миллиард доллардан көбүрөөк каражат сарптаганын, абалды теңдештирүүгө мезгил келгенин белгилеген.
https://sputnik.kg/20250202/putin-tramp-evropa-munoz-1091799536.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/03/1091802149_336:0:3067:2048_1920x0_80_0_0_28f6d8bea515e486851d9c5fd5658c78.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, колдоо, жардам, акча
дүйнөдө, акш, украина, владимир зеленский, колдоо, жардам, акча
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Украина режиминин жетекчиси Владимир Зеленский АКШ аскердик жардам катары бөлгөн 200 миллиард доллар кайда экенин билбейт. Associated Press агенттигине маек куруп жатып Киев Вашингтондон 75 миллиард доллардан ашыгыраак акча алганын билдирди. Бул тууралуу "
Известия" жазды.
"Украина согуш учурунда армияны колдоого жана башка максаттарга 200 миллиард доллар алды деген кеп чындыкка дал келбейт. Бул акча кайда экенин мен билбейм. Балким, кагаз жүзүндө ошондойдур", — деди Зеленский.
Анын айтымында, бөлүнгөн жардамдын жарымы да Киевге келген эмес. Ал эми АКШ "Конгресс колдоду" деп берген 177 миллиард доллар акчалай эмес, курал-жарак менен жеткирилген. Демек, Украина акча түрүндө "76 миллиарддан ашыгыраак" гана сумма алган.
Зеленский АКШдан энергетика, медицина жана өткөрүү пунктуларын жаңылоо боюнча гуманитардык программаларга 300-400 миллиард доллар бөлүнүп келгенин эске салып, колдоонун жарлык менен токтотулушун жакшы түшүнө албай жатканын белгилеген. Киев режиминин жетекчиси бул сумманы "Европанын жардамы" менен же "ички ресурстун эсебинен" жаба аларын айтты, бирок мамлекеттик бюджеттин таңсыктыгы рекорддук чекке жетип турган маалда акчаны кайдан аларын тактаган жок.
Белгилей кетсек, 20-январь күнү Ак үйдүн сайтында АКШ президенти Дональд Трамптын башка мамлекеттерди колдоо иретинде каралып келген жардамды 90 күнгө токтотуу боюнча жарлыгы жарыяланган. 25-январда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Мамдепартаменттин буйругу менен чет мамлекеттерге, анын ичинде Украинага да колдоо көрсөтүү программаларын токтоткону кабарланган.
Трамп өз кезегинде НАТО мамлекеттерин коргонууга кеткен чыгымды ИДПнын 5 пайызына чейин жеткирттирерин убадалады. Өлкө башчы Вашингтон Киевге 200 миллиард доллардан көбүрөөк каражат сарптаганын, абалды теңдештирүүгө мезгил келгенин белгилеген.