https://sputnik.kg/20250204/lavrov-zhakynky-chygysh-koygoy-chechuu-1091850438.html
Лавров Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүү жолун атады
Лавров Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөрдү чечүү жолун атады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы... 04.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-04T17:42+0600
2025-02-04T17:42+0600
2025-02-04T17:42+0600
дүйнөдө
россия
палестина
израиль
жакынкы чыгыш
тынчтык
келишим
сергей лавров
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091850631_0:23:3072:1751_1920x0_80_0_0_efa3e4370d0635756c80cae875651c21.jpg
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан.Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу маалыматтар түшкөнүн айтты."Бизге экинчи этапта (тынчтык келишиминин – ред.) көйгөйлөр болот деген белгилер азыртадан эле түшө баштады. Израилдин башкаруучуларынан ХАМАС биринчи этапта өз милдеттерин так аткарган жок деген сөздөр чыгып жатат. Ошондуктан тынчтык орнотууда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз", — деди Лавров.Белгилей кетсек, Москва БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формулага ылайык, 1967-жылдагы чек арасы менен борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүнү жактап келет.
https://sputnik.kg/20250202/palestinany-koldoo-boyuncha-gaaga-tobu-1091795074.html
палестина
израиль
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/04/1091850631_285:0:3016:2048_1920x0_80_0_0_0a03379c9054929193a2854bf272c0b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, палестина, израиль, жакынкы чыгыш, тынчтык, келишим, сергей лавров
дүйнөдө, россия, палестина, израиль, жакынкы чыгыш, тынчтык, келишим, сергей лавров
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Палестина мамлекетин түзүү Жакынкы Чыгыштагы көп сандаган көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болуп бере алат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин
РИА Новости жазды.
Ал "Валдай" дискуссиялык клубунун Жакынкы Чыгыш боюнча XIV конференциясына катышкан.
"Көп сандаган (Жакынкы Чыгыш) көйгөйлөрдүн ачкычы Палестина мамлекетин түзүүдө жатат. Бул темада БУУнун Башкы Ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин резолюциялары кабыл алынган. Эки мамлекеттин чечими бардык тышкы оюнчулар, анын ичинде Байдендин администрациясы тарабынан тастыкталган. Трамптын администрациясы, менин оюмча, бул маселе боюнча өз позициясын азырынча так айта элек", — деди Лавров.
Ал ошондой эле Москва Газа тилкесинде палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израилдин ортосунда ок атышпоо келишимин ишке ашырууда көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу
маалыматтар түшкөнүн айтты.
"Бизге экинчи этапта (тынчтык келишиминин – ред.) көйгөйлөр болот деген белгилер азыртадан эле түшө баштады. Израилдин башкаруучуларынан ХАМАС биринчи этапта өз милдеттерин так аткарган жок деген сөздөр чыгып жатат. Ошондуктан тынчтык орнотууда көйгөй жаралышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайбыз", — деди Лавров.
Белгилей кетсек, Москва БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формулага ылайык, 1967-жылдагы чек арасы менен борбору Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүнү жактап келет.