https://sputnik.kg/20250205/1091869504.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар элди MCN Сoin криптовалютасына алданбоого чакырыштыТрамп Газаны тазалап, палестиналыктарды ар кайсы өлкөгө жайгаштырууну сунуштадыПрезидент Садыр... 05.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-05T13:00+0600
2025-02-05T13:00+0600
2025-02-05T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091869372_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_38d34d0c1cf2607f59f52edae53126f0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар элди MCN Сoin криптовалютасына алданбоого чакырыштыТрамп Газаны тазалап, палестиналыктарды ар кайсы өлкөгө жайгаштырууну сунуштадыПрезидент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугуштуПрезидент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алган. Саламдашып, сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырган. Лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүшкөнү айтылды.
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында MCN Сoin криптовалюта маселеси көтөрүлдү. Депутаттар элди "аферисттерге алданбоого" чакырышууда. Белгилей кетсек, соцтармактарда аймактардагы элди акчасын MCN Сoin криптовалютасына салууга чакырып жаткан адамдардын видеолору тарады. Үгүтчүлөр жарандардын ар бир сатып алган койну бир аз убакыттан кийин 100 миң сомдон 100 миң долларга чейин жетип, эбегейсиз пайда көрүшөрүн айтышкан. "Эч ким силердин 100 сомуңарды 1000 сом кылып бербейт. Ушундай аферисттер чыгары менен текшерип, документтеринин бар-жогу тууралуу элге маалымат берилиши керек", — деди депутат Эрулан Көкүлов. Аны кесиптеши Бактыяр Калпаев колдоп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.
Казакстандын Транспорт министрлиги Актаудагы учак кырсыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады. Документтеги урунттуу учурлар: диспетчерлер Грозныйда "Ковер" планы (Росавиациянын жетекчиси бул украин дрондорунун чабуулунан улам бардык аба кемелеринин аталган мейкиндиктен кетүүсү каралган план экенин айткан) киргизилгенин эскертишкен; саат 05:13:31де учакта сокку жасалган үн угулуп, автопилот өчүп калгандыгы боюнча сигнализация иштей баштаган. 34 секундадан кийин экинчи ирет сокку жасалганы катталган; борт коштоочу учкучка учактын арт жагындагы эки орундук жарылганын айткан. Андан кийин учактын экипажы Грозныйдагы диспетчерден Минеральные Воды шаарындагы, андан соң Махачкаладагы аба ырайын сураган. Кийинчерээк экипаж Бакуга кайтып келмек болуп, кайра Актауга учуп кетүүнү чечкен; учактын конструкцияларынан бир нече "бөтөн объектилер" табылган. Алар кошумча экспертизага жөнөтүлмөкчү; "бөтөн объектилер" келтирген зыянды аныктоо үчүн жаңы экспертизалар жүргүзүлөт. Бул — алдын ала жазылган отчет. Маалымат дагы такталып, кошумчаланышы ыктымал.
АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Сокку ура турган деле эч нерсеси калган жок. Биротоло тазалоо керек. Коопсуз деп айта албайбыз, антисанитария өкүм сүрүүдө. Бул адамдар жашагысы келе турган жер эмес", — деген АКШ лидери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Трамптын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген. "Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деди Трамп. АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирде.
Депутаттар элди MCN Сoin криптовалютасына алданбоого чакырыштыТрамп Газаны тазалап, палестиналыктарды ар кайсы өлкөгө жайгаштырууну сунуштадыПрезидент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугуштуПрезидент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алган. Саламдашып, сүрөткө түшкөндөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырган. Лидерлер Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүшкөнү айтылды.Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында MCN Сoin криптовалюта маселеси көтөрүлдү. Депутаттар элди "аферисттерге алданбоого" чакырышууда. Белгилей кетсек, соцтармактарда аймактардагы элди акчасын MCN Сoin криптовалютасына салууга чакырып жаткан адамдардын видеолору тарады. Үгүтчүлөр жарандардын ар бир сатып алган койну бир аз убакыттан кийин 100 миң сомдон 100 миң долларга чейин жетип, эбегейсиз пайда көрүшөрүн айтышкан. "Эч ким силердин 100 сомуңарды 1000 сом кылып бербейт. Ушундай аферисттер чыгары менен текшерип, документтеринин бар-жогу тууралуу элге маалымат берилиши керек", — деди депутат Эрулан Көкүлов. Аны кесиптеши Бактыяр Калпаев колдоп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.Казакстандын Транспорт министрлиги Актаудагы учак кырсыгы боюнча алдын ала отчетун жарыялады. Документтеги урунттуу учурлар: диспетчерлер Грозныйда "Ковер" планы (Росавиациянын жетекчиси бул украин дрондорунун чабуулунан улам бардык аба кемелеринин аталган мейкиндиктен кетүүсү каралган план экенин айткан) киргизилгенин эскертишкен; саат 05:13:31де учакта сокку жасалган үн угулуп, автопилот өчүп калгандыгы боюнча сигнализация иштей баштаган. 34 секундадан кийин экинчи ирет сокку жасалганы катталган; борт коштоочу учкучка учактын арт жагындагы эки орундук жарылганын айткан. Андан кийин учактын экипажы Грозныйдагы диспетчерден Минеральные Воды шаарындагы, андан соң Махачкаладагы аба ырайын сураган. Кийинчерээк экипаж Бакуга кайтып келмек болуп, кайра Актауга учуп кетүүнү чечкен; учактын конструкцияларынан бир нече "бөтөн объектилер" табылган. Алар кошумча экспертизага жөнөтүлмөкчү; "бөтөн объектилер" келтирген зыянды аныктоо үчүн жаңы экспертизалар жүргүзүлөт. Бул — алдын ала жазылган отчет. Маалымат дагы такталып, кошумчаланышы ыктымал. АКШ президенти Дональд Трамп Газа секторун биротоло тазалоо керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Сокку ура турган деле эч нерсеси калган жок. Биротоло тазалоо керек. Коопсуз деп айта албайбыз, антисанитария өкүм сүрүүдө. Бул адамдар жашагысы келе турган жер эмес", — деген АКШ лидери журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Трамптын айтымында, палестиналыктарды Иордания жана Египет баштаган бир катар өлкөлөргө жайгаштырууга болот. Бирок элдин көчүрүлүшүн АКШ каржылабайт, Трамп муну Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жасай аларын белгилеген. "Биз аларга чек арасы бекем, турак жайы бар жакшы жерде жашоону сунуштап жатабыз. Жакынкы Чыгышта мунун баарын курууга акча бар", — деди Трамп. АКШ президенти Газаны дүйнө эли келип эс ала турган жайга айлантуу мүмкүн деген пикирде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091869372_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2155611c082000ba34684a9a820d696e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио