https://sputnik.kg/20250205/1091872691.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу экзамендерди жоюуну суранышуудаЗеленский алдырып жиберген аймактарын кайтара албастыгын моюндадыЖапаровдун... 05.02.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-02-05T15:00+0600
2025-02-05T15:00+0600
2025-02-05T15:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091872559_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_87037317b2ed2e012c2035d289ce1c20.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Депутаттар бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу экзамендерди жоюуну суранышуудаЗеленский алдырып жиберген аймактарын кайтара албастыгын моюндадыЖапаровдун Кытайга сапарынын алкагында 20 документке кол коюлдуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, сапардын алкагында өлкө башчы Кытай лидери менен жолугуп, жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюлду: Кол коюлган документтердин тизмеси менен спутник. кж сайтынан таанышсаныз болот.
Бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу мамлекеттик экзамендер "эч нерсеге таасир этпестигин" айтып, аны жоюуну суранышууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламентте билдирди. Эл өкүлү окуучулар менен ата-энелер билим берүү жаатында бир катар маселелерди көтөргөнүн белгиледи. Алар төмөнкүлөр: мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырып жатышат, алар кайсы ЖОЖго тапшырарын дагы тандап коюшкан, мамлекеттик экзамендер эч нерсеге деле таасир эте албайт; ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү дипломдорду сентябрь, октябрда эмес, жайдын башында берүүнү суранышууда. Алар чет жакка барып окуп, иштегендин ордуна дипломун күтүп калып жатышат; мектептерде жана бакчаларда акча чогултууга тыюу салынган мыйзам кабыл алынган. Бирок анда ата-энелер балдардын тамак-ашын өз мойнуна алат деген жери да бар. Муну тактап коюу керек; жасалма интеллектинин жардамы менен билим берүү алда канча батыраак болот, андыктан мектепте билим берүүнү 12 жылга созбой, тескерисинче, кыскартуу керек; Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго бул суроолор боюнча министрликтен жооп алып, кат түрүндө жөнөтүп коюуну өтүндү.
Владимир Зеленский британиялык журналист Пирс Морган менен маектешип жатып Украина согуш учурунда алдырып жиберген аймактарын кайтара албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз аймактарыбызды кайрый албай калдык. Акыл-эсибиз жетиштүү, жыйынтык чыкпай турган нерсеге күч жумшап миллиондогон адамдарыбыздан ажырап кала албайбыз", — деген ал. Зеленский, мындан тышкары, "жеке мамилесине карабай" РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.
Ак үй АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) "эң эле ыксыз" чыгымдарын тизмектеди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, графикасын жарыялаган."АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги ондогон жылдар бою америкалыктардын алдында отчет берген эмес. Ири суммадагы акча ыксыз, айрым учурда кылмыштуу, бюрократияга белчесинен баткандардын сүйүктүү долбоорлоруна жумшалган. Эч кандай көзөмөл болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө. Булардын катарында террордук топ деп таанылган коммерциялык эмес уюмдарга багытталган жана АКШ менен Россияда террордук деп табылган "Аль-Каида"* менен байланыштуу сириялык согушкерлердин тамак-ашы үчүн жүз миңдеген доллар бөлүнгөн долбоор бар. АКШнын жаңы администрациясы USAID уюмунун чет мамлекеттерде трансгендерлердин укугуна байланышкан долбоорлорду каржылаганына да нааразы. Буга мисал катары Колумбияда "трансгендердик операга" 47 миң, Перудагы "трансгендердик комикстерге" 32 миң доллар бөлүнгөнү келтирилген.
Депутаттар бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу экзамендерди жоюуну суранышуудаЗеленский алдырып жиберген аймактарын кайтара албастыгын моюндадыЖапаровдун Кытайга сапарынын алкагында 20 документке кол коюлдуАлдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, сапардын алкагында өлкө башчы Кытай лидери менен жолугуп, жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюлду: Кол коюлган документтердин тизмеси менен спутник. кж сайтынан таанышсаныз болот. Бүтүрүүчүлөр 11-класста тапшырылчу мамлекеттик экзамендер "эч нерсеге таасир этпестигин" айтып, аны жоюуну суранышууда. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламентте билдирди. Эл өкүлү окуучулар менен ата-энелер билим берүү жаатында бир катар маселелерди көтөргөнүн белгиледи. Алар төмөнкүлөр: мектеп бүтүрүүчүлөрү ЖРТ тапшырып жатышат, алар кайсы ЖОЖго тапшырарын дагы тандап коюшкан, мамлекеттик экзамендер эч нерсеге деле таасир эте албайт; ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү дипломдорду сентябрь, октябрда эмес, жайдын башында берүүнү суранышууда. Алар чет жакка барып окуп, иштегендин ордуна дипломун күтүп калып жатышат; мектептерде жана бакчаларда акча чогултууга тыюу салынган мыйзам кабыл алынган. Бирок анда ата-энелер балдардын тамак-ашын өз мойнуна алат деген жери да бар. Муну тактап коюу керек; жасалма интеллектинин жардамы менен билим берүү алда канча батыраак болот, андыктан мектепте билим берүүнү 12 жылга созбой, тескерисинче, кыскартуу керек; Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго бул суроолор боюнча министрликтен жооп алып, кат түрүндө жөнөтүп коюуну өтүндү.Владимир Зеленский британиялык журналист Пирс Морган менен маектешип жатып Украина согуш учурунда алдырып жиберген аймактарын кайтара албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Биз аймактарыбызды кайрый албай калдык. Акыл-эсибиз жетиштүү, жыйынтык чыкпай турган нерсеге күч жумшап миллиондогон адамдарыбыздан ажырап кала албайбыз", — деген ал. Зеленский, мындан тышкары, "жеке мамилесине карабай" РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин айткан.Ак үй АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) "эң эле ыксыз" чыгымдарын тизмектеди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, графикасын жарыялаган."АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги ондогон жылдар бою америкалыктардын алдында отчет берген эмес. Ири суммадагы акча ыксыз, айрым учурда кылмыштуу, бюрократияга белчесинен баткандардын сүйүктүү долбоорлоруна жумшалган. Эч кандай көзөмөл болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө. Булардын катарында террордук топ деп таанылган коммерциялык эмес уюмдарга багытталган жана АКШ менен Россияда террордук деп табылган "Аль-Каида"* менен байланыштуу сириялык согушкерлердин тамак-ашы үчүн жүз миңдеген доллар бөлүнгөн долбоор бар. АКШнын жаңы администрациясы USAID уюмунун чет мамлекеттерде трансгендерлердин укугуна байланышкан долбоорлорду каржылаганына да нааразы. Буга мисал катары Колумбияда "трансгендердик операга" 47 миң, Перудагы "трансгендердик комикстерге" 32 миң доллар бөлүнгөнү келтирилген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/05/1091872559_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_11932b9da78ff9ae704aa3a2c04d32bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио